Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

"Мыкаачылык менен өлтүргөн кишиге 15 жыл берип койду". Рахиманын иши, сот өкүмүнө нааразылык


Рахима Айкымбаева. Жеке архив
Рахима Айкымбаева. Жеке архив

Бишкектин Биринчи май райондук соту киши колдуу болгон Рахима Айкымбаева боюнча өкүм чыгарып, күйөөсү Калыбек Байсаловду 15 жылга кести. Үч баланын энеси, 34 жаштагы Айкымбаева быйыл апрелде өзү жашаган үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Сот чечими айрым укук коргоочулардын нааразылыгын жаратты.

Аялдарга карата зомбулуктун тыйылбай жатышын үрөй учурган кылмыштарга карата жеңил жаза берилип калганы менен байланыштыргандар бар. Ал тапта ИИМ үй-бүлө зомбулугу быйыл сегиз айда өткөн жылга салыштырганда 24% көп экенин маалымдады.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту үч баланын энеси, 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү Калыбек Байсаловду Кылмыш жаза кодексинин "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого күнөөлүү деп тапкан (122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту). Сот анын мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөнү белгилеген. Ошондой эле ал жабыркаган тарапка 300 миң сом моралдык зыян төлөп берүүгө милденттендирилди.

Рахима Айкымбаева. Жеке архивден
Рахима Айкымбаева. Жеке архивден

Рахима Айкымбаева быйыл апрелде өзү жашаган үйүндө 27 жолу бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалган эле.

Маркумдун жакындары Рахима 3 жашар наристенин көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып, айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү суранышкан. Эми алар соттун өкүмүнө макул болбой, кийинки инстанцияга даттанууну көздөп жатат. Сот өкүмү адилетсиз болду деген Рахиманын апасы Салкынай Курманова өлкө жетекчилерине кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну суранды:

Рахима Айкымбаеванын апасы Салкынай Курманова.
Рахима Айкымбаеванын апасы Салкынай Курманова.

"Акыркы сотто өмүр бою эркинен ажыратылабы деп ойлогом. 27 жеринен бычакталып, артында чиедей үч баласы жетим калып отурат. Айыпталуучунун адвокаты "өлтүрүп жиликтеп салбагандан кийин, кислотага салып өрттөп жибербегенден кийин мыкаачылыкка жатпайт" деп айтып жатпайбы. Сот адилетсиз чечим чыгарып койду. Кайра дагы арызданам, бара турган бардык жерге барам. Бизге окшогон энелер дагы качанга чейин ыйлайт? Айыпталуучунун буга чейинки эки жолку соттуулугун дагы эске албай, 15 жыл берип койду. Бул эмне деген адилетсиздик? Кылмышкер эртең эле чыгып келет. Менин кызым болсо өлдү. Баласы соттун өкүмүн уккандан бери жаман болуп, апасынын мүрзөсүнө кетип калып, ошол жактан алып келип аттык. Мектепке дагы барбай койду. Артында калган 3,5 жаштагы кызын жетелеп жүрүп иштеп жатам. Ушуну көзөмөлдөп бериңиздер".

Маркумдун жакындары Рахима буга чейин далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, мунун айынан ал ажырашууга бел байлап, кылмышка чейинки үч айда экөө эки башка жашап келгенин белгилешкен.

Буга чейин маркумдун апасы каргаша тооруган күнү күйөө баласы кечирим сурап келгенин, туугандары жубайларды жараштырганын "Азаттыкка" айтып берген. Кылмыш экөө жарашты деген түнү болгон.

Жабыркаган тараптын адвокаты Миржамал Базарбаев соттун өкүмүн колго ала электигин, кийинки кадамдар аны менен толук таанышкан соң белгилүү болорун айтты:

"Ушул жума ичинде өкүмдү колго алабыз. Чечим боюнча нааразы пикирлер айтылып жатат, биз да макул эмеспиз. Өкүмдү колго алгандан кийин жакындары менен кеңешем. Негизи бул берене эки гана бөлүктөн турат, экинчиси - өмүр бою эркинен ажыратуу. Соттун чечими колго тийгенде, ким кандай көрсөтмө берди, өкүмдүн кайсыл жери менен макул эмес, ошого жараша аракет кылабыз. Негизи жазага макул эмеспиз", - деди жактоочу.

Айыпталуучунун жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Сот чечими айрым укук коргоочулар нааразы кылды. Алардын бири Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова:

"Аялдардын укугун коргоо деген бул жакта турсун, зордукчул, аялдын эсебинен жан баккан эркектерди аялгабы, үй-бүлөгөбү, тууган-урук, жакындаргабы жоопкерчиликсиз мамиле кылууга шарт түзүп жатат. Киши өлтүрсө деле кутулуп кетүүгө болот экен деген ойдо калат. Экинчиден, укуктары бузулган аялдардын үмүтүнө суу сепкендей эле болду. Анткени өлтүрүп койгон учурда ушундай чечим чыгып жатса, абийирине шек келтирилип, намысы тебеленип, басмырланып жатканын эч ким карабайт экен деген түшүнүктү, күмөн саноону жаратат. Мындай учурларды айта берсем абдан көп, азыр зомбулук фактылары азайган жок. Адам өлтүрүү үчүн 15 жыл деген аялдардын укугун тебелеген мамиле болуп жатат. Мыйзамыбыз бар деп ага таянган менен, ал кимге кандай иштеп жатканы белгисиз", - деди укук коргоочу.

Асылбекова аймактарда укугу бузулганда коргоосу, колдоосу жок өзү менен өзү жалгыз калган, көзүнүн жашы кургабай басмырланган аялдар арбын экенин айтып жатат.

Ал арада Ички иштер министрлиги быйыл сегиз айда 10,5 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын маалымдады. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 2 055 учурга же 24,1% көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

ИИМ маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 9425 коргоо ордери берилген. Анын 8976сы аялдарга, 449у эркектерге берилген. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси – “Үй-бүлөлүк зомбулук” менен 2611 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Түзүлгөн протоколдор боюнча 933 адам коомдук ишке тартылса, 1285 киши камакка алынган.

Үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары жылдан жылга көп катталып жатканына байланыштуу Акыйкатчы институту изилдөө жүргүзүп, бул багыттагы мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча Министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларга иштебей жатканын сынга алды:

Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.

"Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун фактылары көбөйгөнүнө байланыштуу 2024-жылы биз кабинеттик изилдөө жүргүздүк. Кыргызстанда 2017-жылы "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Биздин талдообуз көрсөткөндөй, ушул багытта иштей турган 17 субъектинин өз ара иштешүүсүнүн начардыгына, натыйжалуу иштин жоктугуна байланыштуу мыйзам иштебей жатат. Ошол себептүү Акыйкатчы институтунан изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча өкмөт башчыга кат жөнөттүк. Башкы прокуратурага көзөмөлдү күчөтүш керек деген кат даярдап жатабыз. Мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган коргоо ордерлери берилиши керек. 2023-жылы 10 222 ордер берилсе, мыйзамда көрсөтүлгөн түзөтүү программасынан 98 гана адам өткөн. Бул мыйзамды сөзсүз иштетиш керек. Ушул багытта иштей турган 17 субъектинин кээ бирлери бул мыйзам жөнүндө түшүнүгү дагы жок экен".

Жаманбаева белгилеген 17 субъектиге Акыйкатчы институту, сот, укук коргоо органдары, адвокаттык контора, жергиликтүү бийлик бутагы кирет.

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Өзгөртүү киргизилген мыйзамда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо жагы күчөтүлгөн. Ошондой эле кылмыштуу зомбулуктан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетүүсүн, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо каралган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапкан.

Буга чейин Кыргызстандык журналисттер эл аралык уюмдун колдоосу менен алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдеп чыгышкан. Анда 54 миңден ашуун маалымат, жаңылык талдоого алынып, ар бир аныкталган фемицид учурлары боюнча маалымат базасы түзүлгөн. Бул изилдөө өмүрү кыйылган аялдардын көбү күйөөлөрүнүн, өнөктөштөрүнүн такай зордук-зомбулугуна кабылып жүргөнүн көрсөткөн.

IWPR Central Asia уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2010-жылдан 2023-жылга чейин 1109 аял каза тапса, анын үчтөн бири фемицид курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG