Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Төө-Ашуу, Өтмөктө оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди


Бишкек - Ош жолу
Бишкек - Ош жолу

Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунан оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду. Бул тууралуу 28-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө, оор жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө Таластагы Өтмөк ашуусуна да чектөө коюлган. Буга аба ырайынын кескин начарлашы себеп болгон.

Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

Министрлик айдоочуларды дөңгөлөктөрдү жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырууда.

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, 28-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. (MKt)

XS
SM
MD
LG