Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстанда 16 жолу соттолгон Маратов Каирден кармалды


"Казак" каймана аты бар Умар Маратов.
"Казак" каймана аты бар Умар Маратов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” деген каймана аты бар мүчөсү Умар Маратов Интерпол аркылуу Египеттин борбору Каир шаарынан кармалганын билдирди.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен айып тагылып, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, шектүү 2023-жылы июнь айында Ошто шериктери менен 26 жаштагы кызды күч колдонуп, зордуктаган деп шек саналып жатат. Ал ошондон бери издөөдө жүргөн.

“Кылмыштын оордугуна карабастан, сот шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө”, - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Умар Маратовду 2023-жылы 28-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен иш козгогон. Ал көп өтпөй сот аркылуу 1 млн сом күрөө коюп, үй камагына чыгып кеткен.

Умар Маратов буга чейин 16 жолу соттолгон. 2019-жылы 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалып, 3 жылдан кийин үй камагына чыгып кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG