Болгариядагы шайлоо: Бир дагы партия көпчүлүк добушту ала албайт

Болгариянын экс-премьер-министри, ГРЕБ партиясынын лидери Бойко Борисов, 27-октябрь, 2024-жыл

Жекшембиде Болгарияда соңку төрт жыл ичинде жетинчи жолу парламенттик шайлоо өттү. Экзит-полдордун жыйынтыгына ылайык, мурунку премьер-министр Бойко Борисовдун оңчул-борборчул ГРЕБ (Жарандар Болгариянын европачыл өнүгүүсү үчүн) партиясы алдыга чыкты. Бирок партия алган добуш парламентте көпчүлүктү түзүп, узактан бери уланып жаткан саясий кризисти чече албайт.

Alpha Research/BNT экзит-полунун маалыматына караганда, ГРЕБ 26.4% добуш алса, анын артынан реформатордук “Биз өзгөртүүлөрдү улантабыз” деген элдик партия 14.9% жана ашынган оңчул, орусиячыл "Кайра жаралуу" 12.9% добушка ээ болду.

Шайлоо алдында ГРЕБ партиясы парламенттеги 240 мандаттын кеминде 80не ээ болсо Борисовду кайра премьер-министрликке көрсөтөрүн жарыялаган.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгына ылайык, парламентке жетиден тогуз партияга чейин кириши мүмкүн.

27-октябрдагы добуш берүүгө катышкандардын көрсөткүчү солгун -31% тегерегинде болду.

Шайлоого катышуу үчүн 22 партия жана тогуз коалиция каттоодон өткөн.

2020-жылы коррупцияга каршы жапырт митингдердин айынан Борисовдун өкмөтү кулатылгандан бери Болгария туруктуу өкмөт түзө албай убара тартууда. Андан бери өткөрүлгөн алты парламенттик шайлоо иштиктүү натыйжа берген эмес.

Быйыл июнда болгон шайлоодо парламентке өткөн партиялар коалициялык өкмөт түзө албай койгон. Ал шайлоодо добуш бергендердин саны рекорддук төмөн чекти көрсөтүп, добуш берүүгө укуктуу жарандардын 34% гана өз тандоосун билдирген.

Август айында Болгариянын президенти Румен Радев премьер-министрдин милдетин аткаруучу Димитар Главчевдин сунушун кабыл алып, жакырчылыктан жана коррупциядан жабыр тарткан өлкөгө убактылуу өкмөт түзүүгө макул болгон. Главчев былтыр мартта өкмөт кулаган соң премьер-министрдин милдетин аткарууга киришкен.

Дагы караңыз

"Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция митингге чыгарын жарыялады"Ата-бала кой кайтарганы чыккан бойдон дайынсыз". Жумгалда жоголгондордун жакындары жардам сурады "Мектеп албаган балдарыбызды мекенге жиберүүгө мажбурбуз". Орусиядагы мигранттар бийликке кайрылды