Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

"Ата-бала кой кайтарганы чыккан бойдон дайынсыз". Жумгалда жоголгондордун жакындары жардам сурады


Жумгалда дайынсыз жоголуп жаткан Болот Карыпбеков менен анын баласы Самарбеков Бекзат.
Жумгалда дайынсыз жоголуп жаткан Болот Карыпбеков менен анын баласы Самарбеков Бекзат.

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери белгисиз болууда. Туугандары алар сууга агып кетиши мүмкүн экенин айтып, издөө иштери начар жүрүп жатканына нааразы болушууда.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керектүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирип жатат.

"Минип кеткен атынын өлүгү суудан табылды"

Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзатты Көкөмерен дарыясын бойлой издеп жатышат. Анткени ата-бала минип кеткен аттын өлүгү суудан табылып, өзүлөрү да агып кетиши мүмкүн деген божомол бар. Жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги бадалдарды, Көкөмерен айланып аккан жерлерди тинтип жүрүшөт.

Ал эми Карыпбековдун апасы Жыпар Сыдыкова бийликтегилерге кайрылып, балдарын табууга жардам сурап жатат.

“Эки баламдан ажырап, кан кусуп отурам. Балдарым кой кайтарганы кетип эле дайынсыз болуп атат. Суудан аты өлүп чыкканынан суудан издеп атабыз. Техника аябай керек болуп атат. Жок дегенде сөөгүн тапканга жардам берип койгула. Милиция баш болуп издеп атышат. Бирок эч техника жок. Издеп жаткандарга да коркунуч жаралып атат. Балдарымды тапканга дрон, суунун ичин тарткан камера, тросс сыяктуу жабдыктар болот экен. Ушул жагынан жардам берип койгула, айланайындар”.

Болот Карыпбеков менен анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрда беш күндүк кой кезүүгө тоого жөнөп кетишкен. Ошол күнү кечке маал телефон менен байланышып, андан кийин эле дайыны чыкпай калган. Эки күндөн кийин анын туугандары тоого барып, кой кайтарганы кеткен ата-баланы таппай калышканын айтып жатышат.

Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы Көкөмерен жээгинен издеп жатышат.
Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы Көкөмерен жээгинен издеп жатышат.

Ал эми алар минип кеткен аттын өлүгү, ээр-токуму Көкөмерен дарыясынын жээгине чыгып калган экен. Ушундан улам айылга келе жатканда сууга агып кетиши мүмкүн деген божомол айтылууда.

Баласы менен чогуу дайынсыз болуп жаткан Карыпбековдун карындашы Асел Карыпбекова мындай деди:

“Кой кезүүнү өткөрүп алган күнү апам менен сүйлөшкөн. Анан ошол күнү эле байланышка чыкпай калган. Эки күндөй тоодон телефон тартпай атат деп эле жүргөнбүз. Анан тынчызданып барсак эле тоодо жок экен. Алып кеткен тамак-ашын да ичпептир. Ошондо эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганбыз. Бирок издебей жатышат. Айыл эли да издеп атышат. Бирок алардын коопсуздугуна да кабатыр болот экенсиң. Кар, жамгыр жаап жиберсе кандай болот? Ошого чейин таап алсакпы дедик эле. Атынын өлүгү Көкөмерендин жээгине чыгып калган экен. Союп көрүшсө моюну сынган экен”.

Карыпбековдун айылдаштары, райондун тургундары Көкөмерен суусун бойлой 10-15 чакырымга чейин издеп келгенин айтып жатышат. Азырынча ата-бала боюнча эч кандай дайын жок.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Карыпбековдор сууга агып кетти деген маалымат так эместигин айтууда. Ошентсе да жергиликтүү милиция менен издөө иштерин улантып жатканын кошучалашты. Мекеменин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев “Азаттыкка” мындай деди:

Эрнест Дыйканбаев.
Эрнест Дыйканбаев.

“Биз 10 күндөй активдүү издейбиз. Бүгүнкү күндө бизден бир группа бала чыгып жатат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө да кабар берилген. Анткени дарыя Өрнөктөн ары бат эле Токтогулга жетип барат. Ал эми суучулдар чакырылган жок. Себеби суучулдар көлдө, суу сактагычтарда пайдалуу. Шар аккан суудан жыйынтык бербейт. Мындан тышкары бул жерде вертолеттун деле пайдасы жок. Анткени тик учак бийик, анан ылдам учат. Бирок дрон колдонсо болот”.

Эрнест Дыйканбаев 27-октябрда кошумча күч тартылганын, 28-октябрда дагы издөө иштери күчөтүлө турганын айтты.

"Жыл сайын ушундай окуя болуп турат"

Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Жумгал жана Суусамырдын сууларынан куралган Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан ага адамдар агып кеткен учурлар көп эле кездешет.

2019-жылы Көкөмерен дарыясынын Жайыл районунан аккан жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев аялы, баласы, сегиз жаштагы небереси жана айдоочусу менен агып кетип, сөөгү кийин табылган.

Өрнөк айылынын башчысы Эрлан Качкын уулу быйыл жазында эле Арал айылынан эки аял агып кеткенин, былтыр да ушундай окуя катталганын айтты.

“Агып кеткендердин табылышы мезгилге жараша. Мисалы суу кирип турган маалда суунун толкуну адамды жээкке, бадалдарга чыгарып салат. Азыр суунун бир калыпта агып тургун убагы. Баласы менен чогуу экен. Бири-бирин аркан менен байлап алган, ошондон улам ташка илинип калдыбы деген сөздөр да айтылып атат. Анын үстүнө кезүүгө кеткен. Үч күн бою эч ким көргөн эмес. Үч күн ичинде алыска агып кеттиби деген божомолдор бар”.

Дайынсыз болуп жаткан Болот Карыпбеков 1979-жылы туулган. Ал Өрнөк айылындагы мектепте мугалим болуп иштеп келген. Ал эми анын баласы Бекзат Самарбеков болсо 2014-жылы туулган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG