Өзбекстан: Комил Алламжоновдун автоунаасы аткыланганы боюнча кылмыш иши козголду

Комил Алламжонов

Өзбекстандын Президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжоновдун автоунаасынын аткыланышы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

26-октябрга караган түндө Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан.

“Озодлик” өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Комил Алламжонов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 97-беренеси (“Атайылап өлтүрүү үчүн кол салуу”) менен кылмыш ишин козгоду. Прокуратура рулда айдоочу болгонун, жабыркагандар жоктугун белгилеп, ок чыгарылган куралды ачыктаган эмес. Учурда шектүүлөрдү издөө, кармоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

“Озодликтин” күч кызматтарындагы булагы бул окуя Ташкент облусунда ири масштабдуу операция жүргүзүүгө себеп болгонун билдирген.
40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип жатканын, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.

Өзбекстан президентинин жардамчысы, Мизиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына былтыр август айында дайындалган.

Дагы караңыз

"Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция аны тааныбай турганын билдирдиТИМ: Ирандагы чабуулда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жататТугунбулак жана Ташбулак. Борбор Азиядагы белгисиз шаарлар "Автокырсык уюштуруп коебуз". Уйгур активисттердин кооптуу жашоосу