Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

ТИМ: Ирандагы чабуулда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрациялык сүрөт
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатакка тынчсыздануусун билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 26-октябрда тараткан маалыматта, расмий Бишкек тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырды.

Билдирүүдө ошондой эле Кыргызстан дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу аракетин жактай турганы жазылган.

ТИМ 26-октябрда тараткан дагы бир билдирүүсүндө Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган чабуулдардан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин маалымдады. Ага ылайык, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандары менен туруктуу байланышып жатат.

Мекеме Ирандагы кыргызстандыктар зарылчылык болсо элчиликтин +982122830354 жана +989352505226, ошондой эле ТИМдин консулдук департаментинин +996999312002 ыкчам байланыш телефондоруна кайрыла аларын кошумчалады.


26-октябрдын таңында Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына абадан сокку урду. Бул Израилге бир жылдан бери Иран жана анын өнөктөштөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулдарга жооп экени белгиленди. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG