Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Өзбекстандагы шайлоо
Өзбекстандагы шайлоо

27-октябрь күнү саат 8:00дөн тартып Өзбекстанда парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасына депутаттарды шайлоо башталды.

Анда 150 депутат, облустук, шаардык, райондук кеңештердин депутаттары шайланат.

Парламенттин төмөнкү палатасына 75 депутат бир мандаттуу округдардан, калганы партиялык тизме менен шайланып келет.

Бул президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден берки экинчи жолу өткөрүлүп жаткан шайлоо. Ага беш партия катышууда.

Президент Мирзиёев 27-октябрда Ташкент шаарынын Мирзо Улугбек районундагы №59 шайлоо участогунан добуш берди.

Айрым байкоочулар шайлоого бир да оппозициялык же эркин партия катышпаганын, президент Мирзиёевдин саясатын колдогон, бийликчил, партиялар ат салышып жатканын айтып, сынга алышууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG