Reuters: Суданда кыйраган учакта Бут менен байланышы бар ишкер да болгон

Судан. Учак кыйраган жер.

Африкадагы Судан өлкөсүндө атып түшүрүлгөн Ил-76 учагында бараткан орусиялык бизнесмен Виктор Гранов курал сатуу үчүн АКШда соттолгон Виктор Бут менен байланышта болгон киши экенин 24-октябрда Reuters маалымат агенттиги жазды.

Агенттик бул тууралуу жүк ташуучу учакты атып түшүргөн “Ыкчам колдоо күчтөрү” деген судандык куралчан топтон алган документтердин сүрөттөрүнө таянып кабарлады.

Учак түшкөн жерден куткаруучулар 67 жаштагы Грановдун атына жазылган кызматтык күбөлүк, Түштүк Африка өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгүн жана мөөнөтү өтүп кеткен паспорт табышкан. Ал экипаж мүчөлөрүнүн бири болгон.

Amnesty International эл аралык уюмунун маалыматына караганда, 2000-жылдардын башында Бут менен байланышы бар Гранов Түштүк Африкада бизнес жүргүзчү жана Конгого курал-жарак жөнөтүп туруучу эки авиакомпанияны башкарчу.

Ил-76 кабылган окуядан кийин бул учак Кыргызстанда катталганы, ага кыргызстандык New Way Cargo Airlines авиакомпаниясы ээлик кылары, орду “Манас” аэропортунда экени тууралуу маалымат чыккан. “Настоящее Время“ телеканалынын кабарчылары бул лайнер компаниянын реестринен быйыл жыл башында эле чыгарылганын аныктап чыгышкан. New Way Cargo Airlines да ал учакка эч кандай тиешеси жоктунун билдирген.

Судандык топ учакты атып түшүргөндөн кийин Грановдун “Манаска” кирүүгө уруксат берүүчү документин да тапкан. Аэропорт аларда андай киши иштебей турганын жарыялаган, ошол эле учурда Гранов Бириккен Араб Эмирликтеринде катталган Airline Transport Incorporation авиакомпаниясынын башкы инженери болгону тууралуу маалыматты ырастаган.

“Вот Так” долбоору Виктор Гранов атуу адам ири эл аралык “Панама документтери” иликтөөсүндөгү каармандардын бири экенин аныктап чыккан.

Жүк ташуучу Ил-76 учагы 21-октябрда кыйраган. “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобу аны адашып атып алганын, себеби бомбалоочу учак деп ойлогонун билдирген. Бул учак аталган топ ээлеп турган эл-Фашр шаарына курал, ок-дары жана азык-түлүк жеткирүү үчүн колдонулуп жүргөнү да маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Абактагы Төрөкулова айып изоляторуна эмнеге камалды?Молдова орусиячыл олигарх добуш сатып алууга 39 млн доллар которгонун билдирдиЕБ селден жабыркаган Босния жана Герцеговинага жардам беретБосния жана Герцеговинада теракт үчүн 14 жаштагы бала кармалды