Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

ЕБ селден жабыркаган Босния жана Герцеговинага жардам берет


Урсула фон дер Ляйен Босния жана Герцеговинада.
Урсула фон дер Ляйен Босния жана Герцеговинада.

Европа Биримдиги Босния жана Герцеговинанын селден жана көчкүдөн жабыркаган аймактарына жардам берет. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

24-октябрда ал жаратылыш кырсыгынан эң көп жабыркаган Ябланица кыштагына барып, кырдаалды жеринен көрдү.

"Мен бул жерде эмне болгонун, аймактагы кыйроолорду, жергиликтүү тургундар туш болгон чыгымды, кесепетти өз көзүм менен көрөйүн деп келдим. Ишенип коюңуздар, биз сиздерге жардам беребиз. Европа сиздер менен", - деди Урсула фон дер Ляйен. Иш сапары учурунда ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, куткаруучулар менен да жолукту.

4-октябрда Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Босния жана Герцеговинада нөшөр жаандан кийин айрым аймактарды сел каптап, жер көчкөн. Натыйжада 19 кишинин өмүрү кыйылган.

Фон дер Ляйен бул кундөрү Батыш Балкан өлкөлөрүн кыдырып, алардын евроинтеграция планын талкуулоодо.

Босния жана Герцеговина 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы (Republika Srpska) түзүлгөн. Мындан сырткары өлкөнүн Брчко деген округу эл аралык башкарууда турат.

2022-жылдын декабрында өлкө Евробиримдикке талапкер макамын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG