Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Молдова орусиячыл олигарх добуш сатып алууга 39 млн доллар которгонун билдирди


Илан Шор. Архив сүрөт.
Илан Шор. Архив сүрөт.

Молдова полициясы мурдагы депутат, жемкорлук үчүн сыртынан соттолгон, быйыл Орусиянын жарандыгын алган олигарх Илан Шорду өткөн аптадагы президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуш сатып алууга миңдеген молдовалык жарандын банк эсебине соңку эки айда кеминде 39 миллион доллар которулганы үчүн айыптоодо.

Борбор калаа Кишиневдо 24-октябрда өткөн пресс-конференцияда маалымат берип жатып Молдованын полиция башчысы Виорел Чернэтяну тергөөчүлөр сентябрь жана октябрь айларында орусиялык "Промсвязьбанкы" аркылуу молдовандардын жеке эсебине дээрлик миллион жолу акча которуу болгонун аныктап чыгышканын айтты.

Ал 500 кишиге айыппул салынганын билдирди, добуш сатып алуу болгондугунун түздөн-түз далилин келтирген жок, бирок, саясий максатта чет өлкөдөн ири өлчөмдө акча алуу Молдовада мыйзам бузуу деп эсептелет.

Издөө жарыяланган Шор өзү азыр Орусияда экени белгилүү, аны Молдова 1 миллиард долларлык банк алдамчылыгы үчүн былтыр апрель айында 15 жылга сыртынан соттогон.

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган. Шайлоонун экинчи туру 3-ноябрда өткөнү жатат.

Ошол эле күнү Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.

Санду бул добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан, мындай болорунан кооптонуусун ал буга чейин да билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG