Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Босния жана Герцеговинада теракт үчүн 14 жаштагы бала кармалды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Босния жана Герцеговина өлкөсүндө полиция кызматкеринин өлүмүнө алып келген кол салуунун чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн 25-октябрда “Азаттыктын” балкан кызматы билдирди.

Окуя бейшембинин кечинде түндүк-батыш аймакта жайгашкан Босанска-Крупа шаарында болду. Жергиликтүү полиция бөлүмүнө жасалган куралдуу кол салуудан бир кызматкер каза тапты, дагы бири жараат алды.

Кылмышка шектелип 14 жаштагы бала кармалды. Полиция ал жергиликтүү жаран экенин, салафи кыймылына тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн, бычак менен кол салганын кабарлады, окуяны “террордук акт” деп атады.

Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган. (RK)

XS
SM
MD
LG