Ноокаттын жолун сындаган ютубер 22-ноябрга чейин камакка алынды

"Азаттыктын" коллажы. Азамат Карабаев жана анын Ютубдагы баракчасынан, жол тууралуу видеосунан алынган скриншот

Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" 25-октябрда Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-октябрда Карабаевдин бөгөт чарасы Ноокат райондук сотунда каралып, тергөөчүнүн камакка алуу өтүнүчү канаттандырылган.

Ош облустук милициясы Азамат Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалганын 23-октябрда билдирген.

Милиция анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видео-материалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык иш козголгонун, ал тасмада Ноокат районунун Кулатов айыл тургундары бирге 5-июлда ЮКЦ цемент заводуна барышып бейбештык кылышканын билдирген.

Ютубер 22-октябрда Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатына нааразылыгын билдирип, Фейсбукка видео жарыялаган.

Ошол эле күнү кечинде милиция аны кармап кеткени белгилүү болгон.
Айрым интернет басылмалар блогердин кармалышын ошол соңку материалына байланыштырган.

Кыргызстанда блогерлер социалдык тармакка жазган пикири же бөлүшкөн маалыматы үчүн абакка кесилип, пробация же айып пул менен чыккан бир нече учур катталды. (MKt)

Дагы караңыз

Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда автоунаалардын узун кезеги пайда болдуКемпир-Абад иши: сот отуруму 1-ноябрга жылдыЭл акыны Рамис Рыскулов эскерилди