Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Эл акыны Рамис Рыскулов эскерилди


Рамис Рыскулов.
Рамис Рыскулов.

Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде Кыргыз Руспубликасынын эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына арналган поэзия кечеси өттү.

Маданий саамалык Cultura Nomada коомдук фондунун демилгеси менен “Ала-Тоо” университетинин студенттери жана окутуучулары менен биргеликте уюштурулду.

Ыр кечеге маркум акын Рамис Рыскуловдун жакындары, калемдештери жана окурмандары катышып, акындын ырлары окулду.

Иш-чара алкагында Рамис Рыскуловдун графикалык чыгармаларынан турган көркөм көргөзмө уюштурулду.

Журналист Жамбы Жусубалиева, эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев жана эл акыны Сагын Акматбекова акын Рамис Рыскуловду эскеришиүүдө.
Журналист Жамбы Жусубалиева, эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев жана эл акыны Сагын Акматбекова акын Рамис Рыскуловду эскеришиүүдө.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятында жаңычыл акын катары таанымал. Поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Калемгер 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Тоо» журналында эмгектенген.

Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору болгон.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип жүздөгөн эмгек жараткан.

Эл акыны 2021-жылдын 26-январда 87 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

XS
SM
MD
LG