Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда автоунаалардын узун кезеги пайда болду


Тоң-Моюн ашуусу. Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолу
Тоң-Моюн ашуусу. Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолу

Ош облусуна караштуу Алай районунда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолундагы Тоң-Мурун ашуусунда тыгын пайда болуп, 24-октябрда автоунаалардын жүрүшү чектелди.

Бул тууралуу Траспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Министрлик тыгынга узак жолго чыккан автоунаалардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болгонун белгилөөдө.

"Кытайдын жүк ташуучу машиналары жолго кышкы дөңгөлөгү, тайгалакта колдонуучу керектүү каражаттары жок чыгып, ашууларда көйгөй жаралууда. Дөңгөлөк жайкы болсо чынжыр дагы кармабайт", - деп белгиленген маалыматында.

Министрлик автоунаалар каршы тилкеге чыгып, атайын техникалардын жолду кардан тазалоо, кум себүү иштерине тоскоолдук жаратып жатканын белгилеген.

“Мен бара жатканда жол көк муз экен. Негизи жолдо турган автоунаалардын саны 500гө чукул. Жол тыгынын жараткандардын көбү айдоочулар болуп жатат. Кошумча чиркегич сүйрөгөндөр чыга албай токтоп калыптыр. Кечээ жол тыгыны болгондо жолдо элем. Эми күндүн көзү көрүнүп калды жол ээрисе жол тыгыны жоголот”, - деди Кытайга бара жаткан Манас аттуу айдоочу.

Учурда жол кызматкерлери Тоң-Мурун ашуусундагы абалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат. Жеринде түнү менен атайын техника иштеди жана абал дале оор экени айтылды.

Синоптиктер жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында жаан, кар жаашы күтүлүп жатканын, тоолордо жолдор тайгак болорун маалымдаган.

15-16-октябрда Төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, тыгын пайда болгон. Мындан улам ашууда миңге жакын машине токтоп калган.

ӨКМ оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан, жол тыгыны пайда болгонун билдирген. (КЕ/DSh)

XS
SM
MD
LG