Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Кемпир-Абад иши: сот отуруму 1-ноябрга жылды


"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар соттон чыкканда тартылган сүрөт. 14-июнь 2024-жыл.
"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандар соттон чыкканда тартылган сүрөт. 14-июнь 2024-жыл.

25-октябрда Бишкек шаардык сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны дагы жылып кетти. Буга адвокаттардын бири Эркин Сааданбеков ооруканада жатканы негиз болду.

Кийинки соттук жараян 1-ноябрга дайындалганын “Азаттыкка” ушул эле иш боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча сот быйыл 6-августтан бери өтүп жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.

Ага чейин 14-июнда “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

4-октябрдагы сот жараянында адвокаттар судьялар коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Судья алардын өтүнүчүн канаттандырган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. (MKt)

XS
SM
MD
LG