Польшада мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелген 11 киши кармалды

Польша-Беларус чек арасы. 2021-жыл.

Польшада Беларустан жана Орусиядан мигранттарды Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташууга шектелген 11 киши кармалганын өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.

Мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелгендердин арасында Украина, Беларус, Орусия жана Польша жарандары бар экени аныкталды, алардын алтоо камакка алынды. Кармалгандар жашаган, колдонгон турак жайлар, транспорттук каражаттар текшерилип, тинтүү жүргүзүлдү.

Алар мигранттарды Беларустун Германия менен чек арасынан тосуп алып, иштеп жүргөнү айтылды.

Жалпысынан жыл башынан бери польшалык чек арачылар мыйзамсыз миграция уюштурган 321 кишини кармашканы, алардын 66сы камакка алынганы маалымдалды.

2021-жылдын жайында жана күзүндө Польшада жана Балтика өлкөлөрүндө миграциялык кризис жаралган. Бул мамлекеттердин бийлиги кризисти беларус режими, өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенко атайылап уюштурган деп эсептешет.

Польша Беларус жана Орусия менен чек арасын “эч ким өтө алгыс” кылып бекемдөөгө, ал жактагы коопсуздугун камсыздоого 10 миллиард злотый (2,55 миллиард доллар) сарптай турганын 18-майда өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирген. (RK)

Дагы караңыз

"Жаңы стадиондор ачылды". Кыргыз футболунун кыялы жана дымагы Орусия Украинанын 11 аймагын дрон жана ракета менен аткылады Грузия: Бийликтеги партия шайлоо алдындагы тынч митингин өткөрдү"Сыйлыктар мага жигердүү журналист болууга шык берет"