Украинага 50 млрд доллар кредит бөлүү аракети ишке ашууда

"Чоң жетинин" саммити. 2024-жылдын июнь айы.

Дүйнөнүн өнүккөн алдыңкы өлкөлөрү кирген «Чоң жети» (G7) Украинага 50 миллиард долларлык насыя бөлүнүшүн камсыз кылуу аракетин улантып жатканын, анын 20 миллиардын АКШ берерин жана бул акча экономикалык, аскердик жардамга бөлүнөрүн Ак үй билдирди.

АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин эл аралык экономика маселелери боюнча орун басары Далип Сингх «буга чейин мындай жардам бериле электигин» 23-октябрда айтты:

"Көп тараптуу коалиция агрессор өлкөнүн активдерин «тоңдуруп», ошол активдердин акчасын агрессордон жабыркап жаткан тарапка мыйзам үстөмдүгүн сактоо жана тилектештигин билдирүү менен каржылык колдоо иретинде колдонуу мурда эч качан болгон эмес."

Сингхдин айтымында, АКШ бере турган 20 миллиард доллардын жарымы экономикалык, жарымы аскердик колдоого жумшалат, бул үчүн Конгресстин чечими керек болот.

Ал эми калган 30 миллиард долларды насыя түрүндө Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония бөлөт. Каражат жыл соңуна чейин түшө баштайт деп болжолдонууда.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салганы үчүн Батыштын бир топ санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылууда. Дүйнөдө камактагы орусиялык активдердин жалпы суммасы болжол менен 260 миллиард еврону түзөт, анын негизги бөлүгү – 210 миллиардга жакыны Европа Биримдигинин аймагында. Бул каражаттан жыл сайын 2,5-3,5 миллиард евро киреше түшөт, Брюссел ага Орусиянын укугу жок деп эсептейт.

Орусиянын камактагы активдеринен түшкөн пайданы Украинага берилүүчү 50 миллиард доллардын кайтарылышына кепилдик катары колдонуу тууралуу чечим «Чоң жетиде» быйыл июнь айында кабыл алынган.

Орусия «тоңдурулган» активдеринин мындай жол менен колдонулушуна нааразылыгын билдирип, аны мыйзамсыз деп атаган жана өч аларын айтып коркуткан. (RK)

Дагы караңыз

Күйүүчү майды маркалоо элдин чөнтөгүнө зыянбы? Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда күн ачык болотЗомбулуктун курмандыгы болгон Рахима Айкымбаеванын күйөөсү 15 жылга кесилди Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы кол салууну айыптады