Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Зомбулуктун курмандыгы болгон Рахима Айкымбаеванын күйөөсү 15 жылга кесилди


Рахима Айкымбаева, жеке архив
Рахима Айкымбаева, жеке архив

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарды. Аталган соттон "Азаттыкка" билдиришкендей, маркумдун күйөөсү Каныбек Байсалов Кылмыш жаза кодексинин "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды (122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту). Сот анын мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөнү белгилеген.

Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, айыпталуучуга 300 миң сом моралдык зыян төлөө милденттерилди.

Үч баланын энеси Рахима Айкымбаева быйыл 4-апрелге караган түнү өзү жашаган үйүндө, 27 жолу бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалган.

Маркумдун жакындары Рахима буга чейин далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, мунун айынан ал ажырашууга бел байлаганын айтып беришкен.

Рахиманын апасы Салкынай Курманова каргаша тооруган күнү күйөө баласы кечирим сурап келгенин, туугандары жубайларды жараштырганын "Азаттыкка" айтып берген.

Маркумдун жакындары айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү суранышкан.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

Ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG