Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Кыргызстандын ТИМи Түркиядагы кол салууну айыптады


Анкарадагы кол салуу болгон жер. 23-октябрь, 2024-жыл
Анкарадагы кол салуу болгон жер. 23-октябрь, 2024-жыл

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Анкара шаарындагы TUSAŞ компаниясындагы кол салууну айыптаган билдирүү таратты. Мекеменин 24-октябрдагы билдирүүсүндө "Кыргызстан боордош Түркия мамлекетин терроризмге каршы күрөштө колдой турганы" жазылган.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт”, - деп жазылган анда.

23-октябрда Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, 20дан ашык киши жараат алганын Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди. Ал окуяны "террордук кол салуу" деп атады.

Түркиянын NTV телеканалы кол салгандар аталган компанияга күндүз кадимки такси менен келишкенин кабарлады. Курал-жарактарын алып чыгып, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Бирок коопсуздук кызматкерлери аларды токтоткондон кийин жарылуу болгон. Болжол менен жанкечти өзүн жардырып жиберген.

Жеринде полиция жана күч органдары иштеп жатат. Айрым маалымат булактары атышуунун добушу угулганын, бир нече киши компаниянын кире беришин жардырганын, алар жумушчуларды барымтага алган болушу ыктымал экенин жазышты.

Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер кол салуунун артында өкмөткө оппозиция болгон, АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган жикчил Күрд жумушчу партиясы турушу мүмкүн деп эсептейт. Аталган партия кол салуу боюнча комментарий берген жок.

TUSAŞ - ири акционердик коом. Компания жарандык жана аскердик максатта колдонулуучу учак, тик учак, учуучу аппараттарды жана космостук спутниктерди чыгарат. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG