Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Күйүүчү майды маркалоо элдин чөнтөгүнө зыянбы?


Күйүүчү май ташыган машине, 21-июнь, 2022-жыл
Күйүүчү май ташыган машине, 21-июнь, 2022-жыл

1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилди. Анын айынан майдын баасына бери дегенде дагы 37 тыйын кошулушу мүмкүн. Күйүүчү майды сырттан импорттогон Кыргызстанда бул өзгөрүү инфляциянын өсүшүнө түрткү болот деген кооптонуу парламентте да айтылды.

Күйүүчү майды маркалоо деген эмне жана анын баага таасир кандай болушу мүмкүн?

Кыргызстандын мунай компаниялары өкмөттүн мунайзатты акциздик маркалоо тартиби кошумча кыйынчылык жаратып жатканын билдирүүдө. Бирикме Экономика жана коммерция министрлиги, Салык кызматы, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, “Учкун” акционердик коому өңдүү расмий мекемелерге үнү жетпей жатканын айтып, маселени талкуулап, чечүүгө таасир кылуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине кайрылган.

Парламенттик комитетте Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов 1-октябрдан тарта кирген акциздик маркалоонун кесепеттерин түшүндүрүп берди:

“Бүгүнкү күндө 37 тыйын кошулуп атат. Бул акыркы наркына келип кошулат дагы, биздин жарандарга автоматтык түрдө жүктөлөт. Мындан башка дагы көйгөй – маркалоону ишке ашыруучу “Учкун” компаниясынын даярдыгы жок болгондуктан, биздин вагондорубуз туруп калып жатат. Эгерде бир вагон бир сутка туруп калса, экинчи суткадан баштап 5000 сом айыппул кетет. Үчүнчү суткадан баштап ал көбөйөт дагы, барып-барып беш эселик өлчөмгө жетет. Биз кечээ компаниялардын өкүлдөрү менен отуруп санап чыктык, бүгүнкү күндө ар кайсы мунай базаларда, станцияларда биздин вагондор маркалоону күтүп турат. Эгерде беш күн туруп калса, бензиндин бир литрине 1 сом 20 тыйын кошумча нарк кошулат. Ал эми дизел отунга 72 тыйын кошулуп атат. Мунун баары автоматтык түрдө бензин менен дизел отундун кымбаттоосуна алып келет. Өзүңүздөр билесиздер, эгерде мунайзаттын баасы , мисалы, бир сомго жогоруласа, ал экономиканын башка тармактарында кызматтардын, товарлардын 3 сомдон 5 сомго чейин кымбаттоосуна сөзсүз түрткү берет да, инфляцияны гана күчөтөт. Инфляция биринчи кезекте элибиздин эң жөнөкөй катмарынын капчыгын жукартат”.

Ассоциациядан билдиргендей, учурда АИ-92 маркасындагы бензиндин мунай бекеттерине келгендеги наркы 59 сом 30 тыйын болууда. Буга мунайды Орусиядан сатып алгандагы наркы, жол кире акысы, акциз салыгы, кошумча нарк салыгы (12%), сатуу салыгы (1%) өңдүү төлөмдөр кирет. Акциз салыгы бензиндин бир тоннасына 5000 сом, дизел отунга 400 сом төлөнөт.

Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан 18-октябрына чейинки мезгилде мунайзаттардан 287,5 млн сом акциздик салык түшкөнүн билдирүүдө. Бул 2023-жылдын октябрь айындагы акциздик салыктын түшүүсүнө караганда 27,5% жогорку көрсөткүч деп эсептелет.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов мунайзатты акциздик маркалоо көмүскө сооданын үлүшүн азайтып, казынага түшкөн салыкты көбөйтөрүн билдирүүдө:

“Мына, 2022-жылдан бери акциздик товарлардын тобуна киргендерди маркалоо боюнча тизмесин көбөйтүп атпайбызбы. Мисалы, 2022-жылы сырага кирген. Ошондо маркалоо киргизилгенден кийин салыктын түшүшү эки эсе көтөрүлүп кеткен. Андан кийин, маркалар энергетик, кант камтыган суусундуктарга дагы киргизилген. Мында дагы салыктарды үч эсе көбөйтүп атабыз. Ушундай эле мыйзамдуу жүгүртүүнү камсыз кылуу максаты болот. Ар бир литрине атайын маркер киргизилет. Ошону анан кийин текшерсе болот, ага атайын аппарат берилет. Ошону менен бардык мунай бекеттерине же мунай базаларына барып маркери барбы-жокпу деп текшерсе болот. Маркери жок болсо, бул салыгы төлөнбөй калды дегенди билдирет”.

Мунайзатты маркалоо молекулярдык марканы колдонуу менен жүргүзүлөт. Молекулярдык маркер мунай түзүмүнө кирген, жууп салынбай турган уникалдуу кошулма болуп саналат. Маркер тастыкталган атайын жабдыктардын жардамы менен текшерилет.

Өкмөт мунайзаттарын маркалоо анын өндүрүшүнүн жана импортунун көлөмүн эсепке алуунун ачык-айкындыгын камсыздайт, акниет атаандаштыкка шарт түзөт, керектөөчүлөрдү аткезчилик товарлардан коргойт жана бюджетке салыктын түшүшүн көбөйтөт деп ишендирет.

Министрлер кабинети өз чечиминде “Учкун” ишканасын маркалоонун оператору кылып бекиткен. Ал мунай товарларын маркалоо каражаттарын сингапурдук Nanolumi компаниясынан сатып алат. Монополияга каршы агенттигинин өкүлү анын өздүк наркы 24 тыйын болорун, дагы 13 тыйын кызмат акы өңдүү чыгымдардан турарын билдирди.

Депутат Чынгыз Айдарбеков өкмөттүн мунай компанияларына артып жаткан кошумча жүгү аягы келип карапайым калктын чөнтөгүнөн чыгарын айтты. Ал маркалоо каражатын да мамлекет өзү чыгарбай, чет элдик компанияга берип жатканын жана аткезчилик менен күрөшүүгө жамынып, салыкты көбүрөөк чогултууга кызыкдар болуп жатканын белгиледи:

“Бул жакта терең талдоо жүргүзбөй эле, жылына 1 млн 300 миң тонна кирет деп атасыңар. Эгер азыр ушуга маркалоону жасап Нефтетрейдерлер ассоциациясына мажбурлап жүк катары киргизип койсоңуздар, алар бул наркты (37 тыйын) автоматтык түрдө кардарларыбызга жүктөшөт. Анан, карап көргүлө, ушул 37 тыйындан 24 тыйын - бул сыртка кете турган каражаттар. Жыйырма төрт тыйын – бул жөн эле Сингапурдун экономикасына кете турган биздин белегибиз. Эгер биз 24 тыйынды 1 млн 300 миң тоннага көбөйтө турган болсок, 312 млн сом чыгат экен. Доллар менен 3 млн 653 миң долларды биз жөн эле бирөөгө бизнес кылып берип жатабыз”.

Салык кодексинде мунай заттары акциздик товар деп эсептелгендиктен, Министрлер кабинети 4-июлда “Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө” токтомун чыгарган.

Ага ылайык, күйүүчү майлар 1-октябрдан тартып отун маркери менен маркалоого тийиш болуп белгиленген. 2025-жылдын 1-январынан тартып маркаланбаган күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынган. Кийин, 27-сентябрда дагы бир токтом чыгарып, анда мунайды милдеттүү маркалоо боюнча оператор кылып "Учкун" акционердик коомун бекиткен жана Инвестициялар боюнча улуттук агентикке чет элдик "Нанолуми Пте. Лтд" компаниясы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүү милдети жүктөлгөн.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 2-октябрдагы “Учкун” ачык акционердик коомунун отун маркалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифин бекитүү тууралуу” буйругунда отун маркалоо кызматынын баасы ар бир литрине 37 тыйын өлчөмүндө белгиленген.

XS
SM
MD
LG