ЖК депутаты мас айдоочуларга айып пулду жогорулатууну сунуштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатканын белгилеп, мас абалында автоунаа айдагандарга айып пулдун суммасын биринчи жолкуда 50 миң сом, кайталаса 70-100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 24-октябрдагы жыйынында айтты.

Исраилов мас абалында автоунаа башкаргандыгы үчүн айдоочу үч күнгө гана камалып, чыккандан кийин кайра эле муну кайталашы мүмкүн экенин белгиледи.

Расмий маалымат боюнча быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жараат алган.

2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

Октябрдын башында мас абалында автоунаа айдаганы видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкери жумуштан алынган. (КЕ)

Дагы караңыз

Зомбулуктун курмандыгы болгон Рахима Айкымбаеванын күйөөсү 15 жылга кесилди Израил Бейрутка сокку урду, Ирандын элчилигине жакын жерге ракета түштү Бишкектеги Батыш автобекети жабылды Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды