Асланайым Аширова мамлекеттик циркке жетекчи болду

Асланайым Аширова.

Асланайым Аширова Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы 23-октябрда билдирди.

Министр Алтынбек Максүтов жаңы дайындалган директорду эмгек жамааты менен тааныштырды.

Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан алынган.

Асланайым Аширова буга чейин цирктин көркөм жетекчиси болуп иштеген.

Рыскул Боромбаев мамлекеттик циркти Фархад Бекманбетов кызматтан кеткенден кийин 2023-жылдын 24-июлунан бери башкарып келди.

Ашированын ысымы цирктин эмгек жамаатынын арасындагы пикир келишпестиктер чыкканда аталган. Ал имараттын абалы кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып жүргөн. Бекманбетов өзү тууралуу дооматтарды четке каккан.

Мындай талаш-тартыштан кийин президент Садыр Жапаров былтыр 7-июлда мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген.

1962-жылы түзүлгөн циркте 130 кызматкер иштейт. (TAb)

Дагы караңыз

АКШ: 17 миллиондон ашуун шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бердиБишкектеги Батыш автобекети жабылды Оштон Москвага барган ондогон жүргүнчү аэропорттон депортацияланганы кабарланды Таласта келинди уул-кызы менен өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды