"Фейсбукка видео жарыялагандан кийин кармалды". Ноокатта ютубер жапырт башаламандыкка айыпталууда

"Азаттыктын" коллажы. Азамат Карабаев жана анын Ютубдагы баракчасынан, жол тууралуу видеосунан алынган скриншот

Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээсине карата “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Маалыматты Ош облустук милициясы ырастап, кылмыш иши анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видеоматериалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык козголгонун маалымдады.

Айрым интернет басылмалар анын камалышын жаңы курулган жолдун бузула баштаганын интернетке чыгарганы менен байланыштырып жатышат.

Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаевди милиция кармап жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды. Анда өздөрүн Ноокат райондук милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар Карабаевге карата иш козголгонун айтып жатканын көрүүгө болот.

Ош облустук милициясы Азамат Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады.

Маалыматта кылмыш иши анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видео-материалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык козголгону айтылат. Ал тасма Ноокаттагы цемент заводуна байланыштуу болгон.

"5-июль күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын тургундары чогулушуп, "ЮКЦ" цемент заводуна барышкан. Ал жерде чет элдик инвесторлордун ишине тоскоолдук жаратып, мурда иштеп кеткен К.А. аттуу жаранды кайрадан "ЮКЦ" цемент заводуна жумушка алууну талап кылышып, бейбаштык кылышкан", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Карабаевдин апасы Мукарам Мадаминова милиция кызматкерлери Ош шаарындагы үйүн тинткенин айтып берди:

"Ноокат эли "ЮКЦга" барган. "Асфальт салып бергиле, чаң жутуп жатабыз, машиңардан чаң чыгып атат" деп.. Анан Азаматты чакырышкан. "Биз тартканды билбейбиз, сен тарткын" дешкен. Азамат барып тартып, ошону Фейсбукка чыгарса, "массалык башаламандыкка чакырдың, сен уюштуруучусуң" дешти. Эми бул көп жазып атат, башка шылтоо жок да аларда. Анан "уюштурду" деп козгошту. Бүгүн эртең менен милициядан келип тинтип кетишти. Бүт үйүмдү тытып кетишти".

41 жаштагы Азамат Карабаев төрт жыл мурун Ноокаттагы Түштүк кыргыз цемент (ЮКЦ) заводунда экономикалык коопсуздук боюнча менежер болуп иштеген. Апасынын айтымында, заводдогу мыйзамсыз иштерди ачыктаганы үчүн иштен кеткен.

Ошондон кийин Ютубдагы “За Правду” баракчасын ачып, Ноокат районундагы көйгөйлүү маселелерди видеого тартып, кайрылган жарандардын үнүн жеткирүүгө аракет кылып жүргөнүн энеси айтып берди.

Ноокаттагы ЮКЦ цемент заводунун айланасындагы маселелерди көтөрүп жүргөнүн анын баракчасындагы материалдардан улам байкоого болот. Апасы Азамат Карабаев милиция кызматкерлери курулушта иштеп жатканын да видеого тартып чыгарганын кошумчалап, бул иш милициянын жетекчилигине жакпай, ушундан улам иш козголду деп эсептейт.

Ютубер 22-октябрда Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатына нааразылыгын билдирип, Фейсбукка видео жарыялаган.

Ошол күнү кечинде эле милиция кызматкерлери аны кармап кеткени белгилүү болду.

Айрым интернет басылмалар блогердин кармалышын ошол соңку материалына байланыштырды. Медиа-эксперт Асел Сооронбаева Карабаевдин ишинде суроо жараткан жагдайлар бар экенин айтууда:

Асел Сооронбаева.

"5-июлда болсо, Ош облустук ички иштер башкармалыгы июль, август, сентябрь, октябрь - төрт айдан бери иштебей, анан жолдун абалын чагылдыргандан кийин мыйзам иштеп кетип жатпайбы. Бул суроо жаратып жатат. Анын Ютуб каналын карап чыктым, коомчулукта көйгөйлүү маселелерди кабыргасынан койгон активдүү позициясы бар жаран экен. Фейсбукка Ноокаттын жолун чыгаргандан бир нече саат өткөндөн кийин кармалды деген маалымат чыкты. Муну жарандардын маалыматты эркин алууга жана таратууга, оюн эркин билдирүүгө болгон кысым деп эле баалайбыз биздин божомолдо".

Милиция аны башка иш менен кармаганын айтып жатат.

Ютубердин иши шаршембиде Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткан маалда депутат Элвира Сурабалдиева мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгаргандар камакка алынып же айып пулга жыгылып жатканын эске салды:

Элвира Сурабалдиева

"Эмнеге мен бул суроону берип жатам, анткени ал бул мыйзамга түздөн-түз тиешелүү. Эртеси күнү коррупцияны ачыктагандар, мамлекетти тоноп жатат деп, жолдогу же башка маселелерди көтөргөн жарандар, маалымат бөлүшкөн адамдар да камалып кетет экен да. Жок дегенде айып пул салынат экен".

Соңку убактарда Кыргызстанда социалдык тармакка жазган пикири же бөлүшкөн маалыматы үчүн абакка кесилип, ошондой эле пробация же айып пул менен чыккан бир нече учур катталды.

Жакында эле Фейсбуктагы баракчасына жазганы үчүн Улуттук илимдер академиясынын мурдагы илимий кызматкери Жоомарт Карабаев айыпталып, абакта отурат.

Дагы караңыз Карабаевдин иши: "Мыйзамсыз ишти ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым"

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген Тариел Ботбаевге Фейсбукта ойчулдардын учкул сөздөрүн бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголуп, жарым жылга чукул абакта отурган. Аны жакында эле Аламүдүн райондук соту күнөлүү деп таап, 120 миң сом айып пул салган.

Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун айтып келишет.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет аталды.

Бирок бийлик сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын айтып, блогерлерди, маалымат каражаттарын эркиндик менен катар эле жоопкерчиликти да сезе билүүгө чакырып келет.

Дагы караңыз "Сот катары жооп беришет". Илимдер академиясынын эксперттерине сын