Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

"Сот катары жооп беришет". Илимдер академиясынын эксперттерине сын


Укук коргоо органдарынын экспертизага таасири чоң экенин айтып чыккандан кийин камалган Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Укук коргоо органдарынын экспертизага таасири чоң экенин айтып чыккандан кийин камалган Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Укук коргоочулар Кыргызстанда журналисттер, блогерлер, активисттер соттук-лингвистикалык эксперттердин туура эмес корутундусунан улам айыпсыз абакка кесилген учурлар көп кездешип жатканын айтышууда.

"Кылым шамы" укук коргоо уюму өткөргөн талкуу учурунда Улуттук илимдер академиясынын (УИА) укуктук суроолор боюнча соттук-экспертиза жүргүзүүсүнө Академия тууралуу мыйзам да, мекеменин уставы да жол бербей турганы айтылды. УИА бул сындарга жооп бере элек.

Буга чейин экспертизага укук коргоо органдарынын таасири көп экенин Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев айтып чыгып, көп өтпөй ал камакка алынган.

"Дүжүргө айланган үч берене"

Кыргызстандык адвокат Акмат Алагушев акыркы мезгилде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү - "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар", 327-беренесинин 1-бөлүгү - "Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар" жана 330-беренеси - "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деген оор беренелер менен айыпталган жарандар көбөйгөнүн айтууда.

Адвокаттын айтымында, мындай саясий беренелер менен иш козголгон учурда тергөө органдары көбүнесе соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна таянат. Ал эми аталган экспертизанын жыйынтыгы боюнча адвокаттардын суроолору көп:

Адвокаn Акмат Алагушев
Адвокаn Акмат Алагушев

"Анткени Кылмыш-жаза кодексинин бул беренелери менен айыптоо сотко барганда шектүүнүн бөгөт чарасы "камакка алуу" менен аныкталат деген тергөөчүлөрдүн ишеничин бекемдейт. Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй, бул беренелер боюнча шектүү адамдардын ичинен эркиндигинен ажыратылганы да, пробациялык көзөмөл менен жаза аткаруудан бошотулганы, ошондой эле акталган жарандар да бар. Бирок "жапырт башаламандыкка чакырган" деген берене менен бир эле кишини айыптоо мүмкүн эместигин белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда эгер массалык башаламандык болбосо, "бийликти күч менен басып алууга чакыруу" беренесин колдонуу мүмкүн эмес. Бул беренелер боюнча козголуп, каралып, аягына чыккан бир дагы иште айыптоодо көрсөтүлгөндөй жапырт башаламандык тургай, митинг да болгон эмес", - дейт Алагушев.

Тегерек үстөлдө сөз алган адвокаттар ошол эле учурда тергөөчү тарабынан эксперт-лингвисттерге берилген суроолордун тактыгына ишенич жоктугун айтышты.

Алардын белгилөөсүнө караганда, кылмыш иши кыргыз тилинде болсо да, эксперттерге тергөөчүлөр орус тилинде суроо беришет. Мындай учурларда лингвист-эксперттер так жооп бериши күмөн экени айтылды.

Көз карандысыз лингвист эксперт Гүлжан Айтбаева мында эксперттерди күнөөлөө туура эмес экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул жерде негизги маселе - тергөөчүлөрдө.

"Эгер кылмыш иши орус тилинде болсо, суроо да орус тилинде берилет. Бирок тергөөчүлөр кылмыштын материалдары кыргыз тилинде болсо да, суроолорду орус тилинде беришет. Анткени токтом, чечим жана башка иш терминдери орус тилинде жазылат. Ошондуктан лингвист аргасыз суроолорду кыргыз тилине которуп алып, анан ага кыргызча корутунду чыгарып берет", - деди Айтбаева.

Жыйынга Конституциялык соттун судьясы Мээргүл Бобукеева да катышты. Бирок судья Конституциялык соттун өкүлү экенин айтып, бул маселе боюнча жооп бере албасын билдирди.

"Илимдер академиясы укуктук суроолор боюнча экспертиза жүргүзө албайт"

"Кылым шамы" уюмунун иликтөөсүндөгү маалыматтарга ылайык, 2023-жылы Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертиза кызматынын кароосуна 310 иш жиберилсе, ошол эле убакта Улуттук илимдер академиясына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өтүнүчү менен 70тен ашуун иш жиберилген.

Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова бул иштердин дээрлик бардыгында айыптоочу тарап негиз кылган "жазгандарында, айткандарында массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырыктар, кастыкты козутуу" бар деген корутунду Улуттук илимдер академиясынын лингвист-эксперттери тарабынан чыгарылганын белгиледи.

Укук коргоочунун сөзүнө караганда, Улуттук илимдер академиясы укуктук суроолорго жооп бербеши керек:

Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

"Сот бул иштерди караганда негизги далил катары эле лингвист-эксперттердин корутундусун көрүп жатат. Лингвист-эксперттер алдына коюлган суроолорго эксперт катары эмес, сот катары жооп берип жатышат. Мисалы, укуктук суроо коюлса, "бул укуктук суроо, буга жооп бере албайбыз" деп четке кагуу ордуна, "ооба, чакырыктар бар" деп соттун ордуна чечим чыгарып берип коюп жатат. Бул туура эмес. Лингвистикалык экспертиза менен катар эле саясий (политологиялык) экспертизаны да Улуттук илимдер академиясы жүргүзүп жатат. Бул дагы алардын компетенциясына кирбейт. Илимдер академиясы соттук экспертиза жүргүзүүдөн баш тартуусу тийиш. Анткени Улуттук илимдер академиясы тууралуу мыйзам дагы, академиянын уставы дагы бул мекеменин соттук-эксперттик ишмердик менен алектенүүсүнө жол бербейт".

Укук коргоочулардын бул дооматы боюнча "Азаттыктын" суроосуна Улуттук илимдер академиясы жооп бере элек.

Ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши каралып жатат.

Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын, экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдиргенден кийин кармалган.

Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") жана 327- беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен айып коюлган.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги буга чейин Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, анын кылмыш ишине мекеменин байланышы жок экенин айтып келет.

Кыргызстанда 2023-жылы биринчи соттук инстанцияларда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыкка"), 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга") жана 330-беренеси ("кастыктын түрлөрүн козутууга чакырган") боюнча 19 кылмыш иши каралган. 30 адам соттолгон.

2024-жылдын биринчи жарымында биринчи бутактагы сотторго жогорудагы беренелер менен 71 кылмыш иши түшкөн. Анын ичинен 40 иш каралып бүтүп, 28 адам соттолду, 22 адам акталды.

  • 8-октябрда жазуучу жана публицист Олжобай Шакир Жогорку сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айыпталып, үч жылдык пробация менен жазасын абакта өтөөдөн бошотулду.
  • 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov LIVE жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналист акталган. 11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.
  • Чүй облусунун Аламүдун райондук соту 26-сентябрда Фейсбуктагы посту үчүн айыпталган дөңгөлөк желимдөөчү болуп иштеген Тариел Ботбаевди 327- (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 330- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренелери менен күнөөлүү деп таап, 120 миң сом айып пул салганы 16-октябрда белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG