Израил Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын ырастады

Сафи ад-Дин.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) «Хезболланын» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жакында каза болгон башчысы Хасан Насралланын ордуна дайындалганы жаткан Хашем Сафи ад-Динди да жок кылганын ырастады.

ЦАХАЛдын 22-октябрдагы маалыматында айтылгандай, Сафи ад-Дин «Хезболланын» чалгын кызматынын башчысы жана бир катар башка да жетекчилери менен бирге үч апта мурда Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк чет жакасындагы Дахия шаарында авиа сокку менен өлтүрүлгөн. Израилдик аскерлер аталган шаарды “террорчулардын очогу” деп аташат.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ливанда жайгашкан бул топтун негиздөөчүлөрүнүн бири, Насралланын аталаш тууганы Сафи ад-Дин жетекчи болуп дайындалганын сентябрь айынын соңунда бир катар араб жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан, бирок топ өзү бул кабарды тастыктай элек болчу.

23-сентябрдан бери Израил "Хезболлага" каршы "Түндүк жебе" операциясын жүргүзүүдө. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан “Хезболланын” ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган. Ошондон бери Газада 42 миңдей, Ливанда 2 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

Украинанын башкы прокурору кызматтан кеттиТаласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керекМолдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгат