Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керек


Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбооруна оңдоо киргизүү зарыл деп эсептейт. Депутат бул мыйзам долбоорундагы жазаны чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен алып, сотко кайтарууну сунуштады.

"Кайсы бир жаранга жалган жалаа жабылса, караланса, мазакталган болсо, азыркы мыйзамдар деле анын укугун коргой алат. Эми кошумча айып пул салуу сунушталып жатат, бирок 100-200 миң сом өтө көп, миң, эки миң сом жетет. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине соттун укугу берилбеши керек. Маданият министрлигинин иши таптакыр башка. Булар кантип каралашкан эки тарапты бетме-бет отургузуп алып сурайт? Экинчи окууда өзгөртөлү: сот карасын", - деди ал.

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев аталган мыйзам долбоору учурдун талабына ылайык келерин, соцтармактарды жана интернетти тартипке салууга мезгил келип жеткенин айтты.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окууда карап жатат.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келишет.

Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтууну жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG