Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Молдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгат


Майя Санду жана Александр Стояногло.
Майя Санду жана Александр Стояногло.

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туруна чыккан азыркы мамлекет башчы Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер Александр Стояногло шайлоо алдындагы дебатка 27-октябрда чыкмай болушканын алардын шайлоо штабдары билдиришти.

Добуш берүү 3-ноябрда өтөт. 20-октябрдагы биринчи турда Молдованын евроинтеграциясын жактаган Санду добуштардын 42,49%, социалист Стояногло 25,9% алган.

Санду биринчи тур Орусия уюштурган бурмалоо, добуш сатып алуу жана жалган маалымат таратуу өнөктүгү менен коштолгонун айтып чыккан. Орус бийлиги мындай айыптоону четке каккан.

Президенттик шайлоо менен катар ошол эле күнү Молдованын Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында «Ооба» дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн.

Телевизиондук дебат борбор калаа Кишиневдо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG