Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги "Акжол" кичи автобекети 23-октябрдан тарта жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, эми бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен жөнөйт.
Жаңы автобекет эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Мэрия жабылган бекеттен "Бишкек автобекетине" чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатканын кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, чыгыш багытындагы каттамдар жаңы автобекеттен, батыш тарапка кеткен каттамдар автоунаа базары тараптан же Фрунзе көчөсү, 209 дарегинен жөнөп жатат.
Бишкектин ичиндеги батыш жана чыгыш автобекеттери жабылып, шаардын сыртына чыгарылары мурда кабарланган.
Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине "Ош" базарын, батыш автобекетин камтыган ири комлпекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган.
Шаар башкармалыгы Батыш автобекети менен “Ош базарын” башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечилет деп билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
Украинанын башкы прокурору кызматтан кеттиТаласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керекМолдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгатӨзбекстанда орусиялык журналисттин өлүмү иликтенүүдөТөө-Ашуу, Өтмөктө жолду кардан тазалоо иши жүрүп жатат