Украинанын башкы прокурору кызматтан кетти

Андрей Костин.

Украинада ондогон прокурор, мамлекеттик кызматкер арасында майыптык документин жасатып алып, аскерден качып жүргөндөр бар экени тууралуу окуядан кийин өлкөнүн башкы прокурору Андрей Костин кызматтан кетти.

Мобилизация көйгөйү 2,5 жылдан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна, өтө көп сандагы аскерлерине каршы күрөшүп, аскер кызматкерлеринен айрылып жаткан Украина үчүн талылуу маселе болуп эсептелет.

Костин отставкага кетип жатканын 22-октябрда Улуттук коопсуздук кеңешинин президент Владимир Зеленский катышкан отурумунан кийин Telegram аркылуу жарыялады. Зеленский анда Костин аскерге барбоого жалган шылтоо издегендерге ыңгайлуу шарт түзүп берген жемкорлук үчүн «саясий жоопкерчиликти алышы керектигин» айткан.

«Мен президент Зеленскийдин позициясын өтө туура деп эсептейм... Башкы прокурорлук кызматтан кетүүм да туура болот деп ойлойм», — деди Костин.

Украинада тергөөчүлөр өлкөнүн батыш аймагындагы Хмельницкий облусунда айрым прокурорлор алдамчылыкка барып, майыптык тууралуу күбөлүк жаздырып алып, артыкчылык берүүчү жеңилдиктерден пайдаланып жүргөнүн аныктап чыгышканы белгилүү болгон. Мындай иликтөө Украинанын башка аймактарында да жүрүп жатканы маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Таласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керекМолдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгатБеларуста президенттик шайлоо күнү жарыяланды