Журналист Айке Бейшекеева дагы бир эл аралык сыйлыкка ээ болду

Айке Бейшекеева.

Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева Free Press Awards эл аралык сыйлыгынын лауреаты болуп, ага “Жылдын жаңы журналисти” (Newcomer of the Year Award) сыйлыгы ыйгарылды. Ал эми “Эң чыдамкай журналист” (Most Resilient Journalist Award) сыйлыгы палестиналык фотожурналист Мухаммед Заанунга тапшырылды.

Free Press Unlimited уюму ар эки жылда эки журналистке жогорудагыдай эки номинация менен сыйлык тапшырат.

“Жылдын жаңы журналисти” сыйлыгына ээ болгон Айке Бейшекеева тогуз айга чукул тергөө абагында отуруп, 10-октябрда пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан. 23 жаштагы Айке Бишкекте төрөлүп, №38 мектеп-гимназияда окуган. Жогорку билимди Польшадагы Вистула университетинде алып, журналистика бөлүмүндө 3-курста окуп жаткан. Ал алты тилде эркин сүйлөйт.

Жакында эле Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму Айкеге адам укуктарын коргоодогу каармандыгы үчүн эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгын ыйгарган.

“Эң чыдамкай журналист” сыйлыгына ээ болгон Мохаммед Заанун 20 жылдан ашуун убакыттан бери Газадагы жашоону жана андагы курмандыктарды документтештирип келет. Мухаммеддин Газа тилкесиндеги үйү Израилдин аба соккуларынын бутасына айланып, урандыларынын алдынан балдарын куткарып чыккан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирген.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (MZh)

Дагы караңыз

Парламент Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырдыНоокаттык ютуберге кылмыш иши козголдуКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду Кыргыз-кытай чек арасында жер титиредиОрусия жана Кытайдын лидерлери БРИКСтин алкагында жолугуштуОрус элчиси Москва Минскиге шайлоодо "тополоңду басууга" жардам берерин айттыBloomberg: Орусиянын көмүскө флотунун танкерлерин Кыргызстандагы фирмалар камсыздандырган