Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Орусия жана Кытайдын лидерлери БРИКСтин алкагында жолугушту


Си Цзинпинь жана Владимир Путин. Казан шаары.Татарстан. 22-октябрь, 2024-жыл.
Си Цзинпинь жана Владимир Путин. Казан шаары.Татарстан. 22-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казан шаарында, шейшембиде БРИКС уюмунун саммитинин алкагында жолугушту. Сүйлөшүүлөр башка өлкөлөрдүн делегацияларынын катышуусунда жүргөнү кабарланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун маалыматына караганда, жолугушууда Украинадагы кырдаал тууралуу сөз болуп, ошондой эле тараптар батыш өлкөлөрү менен мамиле боюнча пикир алмашты.

Москва менен Бээжин Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан бери байланышын күчөттү. "Франспресс" агенттиги лидерлердин жолугушуусунан улам бул эки өлкө глобалдык таасирин жайылтуу аракетин көрүп жатат деп, Батышта кабатырлык күч алганын белгиледи.

Reuters агенттиги АКШ президенти Жо Байдендин "демократиялык өлкөлөр Орусия жана Кытайдын автократиялык чакырыктарына дуушар болууда" дегенин белгиледи. Вашингтон Украинанын негизги союздашы жана Киевге Орусиянын баскынчылыгынан коргонуусу үчүн эл аралык көмөк аракеттерин жетектеп келет. Байден өз кезегинде Сини "диктатор", ал эми Путинди "киши өлтүргүч" деп атаган. Бээжин менен Москва бул сөзү үчүн Байденди сынга алышкан. .

"Дүйнөдө терең өзгөрүүлөр болуп жатат, эл аралык абал да башаламан", - деди Си Цзиньпин Казандагы жолугушууда. Си эки өлкөнүн ортосундагы "терең достукту" жогору баалай турганын айтты. Кытай менен Орусиянын мамилеси "эл аралык теңчиликти жана адилеттикти колдоого зор салым кошту" деп белгиледи.

Путин өз кезегинде Москва мындан ары да бардык эл аралык аянтчаларда Бээжин менен кызматташтыгын өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтты. "Орус-кытай мамилеси заманбап дүйнөдө өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү болуп калды", деди Путин.

Украинага кол салгандан бир аз мурдараак Кытай менен Орусия "чексиз өнөктөштүгүн" жарыялаган. Евробиримдик, АКШ жана НАТО Кытайды Орусияга Украинага каршы согушта колдонуучу өнүмдөрдү бербөөгө чакырган.

БРИКСтин саммити Казан шаарында 22-октябрда башталды. Уюм Батышка тиешеси жок тогуз өлкөнүн башын бириктирет. Орусия БРИКСтин 20 жылдык тарыхында төртүнчү ирет ага төрагалык кылууда.

XS
SM
MD
LG