Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Орус элчиси Москва Минскиге шайлоодо "тополоңду басууга" жардам берерин айтты


Борис Грызлов
Борис Грызлов

Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов 2025-жылда өтүүчү президенттик шайлоо маалында дестабилдештирүү аракеттери көрүлсө, Минск жардам сураса, Москва көмөктөшөрүн, анын ичинде аскерлерин жөнөтүүгө даяр болорун билдирди.

РИА “Новости” агенттигине берген интервьюсунда элчи “Беларустун күч түзүмдөрү жана атайын кызматтары кошумча жардамга муктаж болот деп айтууга негиз жок экенин” белгилөө менен катар Орусия зарыл болгон учурда милдеттенмелердин алкагында эң жакын стратегиялык өнөктөшүнө колдоо көргөзүүгө даяр болорун айтты.

Грызлов эки өлкө шайлоо алдындагы “ыктымал коркунучтар” жөнүндө чалгынчылардын маалыматтары менен өз ара бөлүшкөнүн кошумчалады.

2020-жылкы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыялангандан кийин өлкө нааразылык акциялардын кучагында калган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып келди.

Митинг, демонстрациялар күч менен басылып, бийликке каршы чыккандар, журналисттер, активисттер, демократиялык уюмдар куугунтукка кабылды.

Августта Европа Биримдиги Беларуста уланып жаткан саясий репрессияга жана адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар деп эсептеген 28 адамга каршы санкция жарыялады.

Евробиримдик кеңешинин маалыматында айтылгандай, санкциялык тизме Беларуста 2020-жылы бурмалоо менен өткөн президенттик шайлоонун төрт жылдыгын утурлай толукталды.

Москва менен Минск союздук мамлекет түзүү келишимине кол койгон.

XS
SM
MD
LG