Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институту маалымдагандай, силкинүү 22-октябрь күнү саат 11:48де Кыргысзстан менен Кытайдын чек арасында катталган.

Күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө Алай районунун Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG