Милициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоору колдоо тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга таратууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Сүйүн Өмүрзаков соңку жылдары дарыгерлерге, мугалимдерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата бейбаштык кылган учурлар көбөйгөнүн белгиледи. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендер бар экенин билдирди.

Ал мыйзам долбоору жарандардын маалымат алуу жана таратуу укугун чектебей турганын айтты.

“Укук коргоо органдарынын кетирген каталарын, укук бузууларын тарткан жарандар жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондуктан долбоордо так жазылып турат. Кызматын аткарып жаткан кызматкердин ишине кийлигишип, жолтоо болуп, каралоо максатында тартып, монтаждап, интернетке тараткан адамдар гана жоопкерчиликке тартылат”, - деди Өмүрзаков.

Документ кабыл алынса, анын талаптарын бузгандар 5 миң сом айып пул төлөйт же 5-7 сутка камалат.

Депутат Айсулуу Мамашова мындай учурда камакка алуу чарасын алып салууну сунуштады.

Долбоорду депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жазган.

Авторлор Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына таянып, 2022-2023-жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө фактысы боюнча 195 протокол түзүлгөнүн жазган.

Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери жарандарга орой мамиле кылып, өздөрү мыйзам бузган учурлар тартылган тасмалар тарап, аларга чара колдонулган окуялар да бар. (TAb

Дагы караңыз

Европарламент Украинага 35 млрд евро насыя берүүнү жактырдыСумыда Орусиянын дрон чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала"Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө уланууда