Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

"Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту


Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург
Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург

Адам укуктары боюнча Европа соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы – "Радио Свобода" мекемеси жана мурдагы директору Андрей Шарыйдын Орусия Федерациясына каршы арызы боюнча чечим чыгарды. Соттун чечиминде айтылгандай, орус бийлиги "Свобода" радиосун "чет элдик агент" деп атоо менен Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын сөз эркиндиги жана уюшуу эркиндигине тиешелүү беренелерди бузган деп табылды. Орусия бийлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жана Шарыйга 950 миңдей доллар кенемте жана 60 миң долларды соттук иштер үчүн төлөөгө милдеттендирилди.

Сот ошондой эле Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамы бейөкмөт уюмдардын ишине айкындык киргизүүнү эмес, жазалоону, адамдарга туура эмес маалымат берүү, жик салууну көздөгөнүн билдирди. “Материалдарын "чет элдик агент" тарабынан даярдалган деп маркалоо талабы демократиялык коомдун пайдубалына доо кетирет”, - деп эсептейт сот.

Доо арыз 2021-жылы майда орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алып, эбегесиз айып пул салгандан кийин берилген.

Доогерлер "чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзамды пайдалануу, атап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркалоо жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузат деп билдиришкен.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн айткан.

Орусиянын Юстиция министрлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус тилдүү долбоорлорун 2017-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген.

Адам укуктары боюнча Европа соту сөз болгон мыйзамга каршы журналисттер, активисттер, бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттарынын дагы 106 арызын карады. Алардын айрымдары боюнча оң чечим чыгарылды.

2022-жылы Европа кеңешинен чыгарылгандан кийин Орусия Адам укуктары боюнча Европа сотуна катышпай калды жана ошондон бери алардын чечимдерин аткарбайт.

Быйыл февралда Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосун ишмердиги өлкөдө жагымсыз делген чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кошту.

Ошондо медикорпорациянын президенти Стивен Капус: "Радиону муунтуу аракети бизди Орусиянын жашоочуларына маалымат таратуу, эркин жана чынчыл журналистиканы улантуу үчүн мындан да катуу иштөөгө түртөт”, - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG