Казакстанда өлкөдөгү эң узун көпүрө ачылды

Буктурма суу сактагычындагы көпүрө. Казакстан. 2024-жыл, 21-октябрь.

Чыгыш-Казакстан облусунда Буктурма суу сактагычы үстүнөн өткөн, узундугу 1316 метрлик көпүрө ачылды.

Транспорт министри Мурат Карабаев эки тилкелүү жол аркылуу күнүнө 80 миң автомашина өтүп турарын билдирди.

Көпүрөнү ачуу аземине казак премьери Олжас Бектенов катышты.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, көпүрөнүн салынышын жергиликтүү тургундар жылдап күткөн. Аны куруу чыгымы былтыр эки эсеге кымбаттап, 60 млрд тенгеден (болжол менен 12 млрд 370 миллион доллар) ашкан. Жергиликтүү бийлик аны көпүрө көздөй 17 километр жол салуу жана базар бааларынын өсүшү менен түшүндүргөн.

Маалыматка караганда, былтыр мартта болгон парламенттик жана жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында курулуштун жалдануучусу болгон компаниянын бир ээси мажлистин (казак парламентинин төмөнкү палатасынын), экинчиси облустук кеңештин депутаты болуп шайланышкан.

Чыгыш-Казакстан облусу Кытай жана Орусия менен чектешет.

Буктурма суу сактагычы 1960-жылдары курулган.

Дагы караңыз

Европарламент Украинага 35 млрд евро насыя берүүнү жактырдыЖогорку соттун төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыев ким? "Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө уланууда