Европарламент Украинага 35 млрд евро насыя берүүнү жактырды

Европарламенттин жыйыны. Иллюстрация

Европарламент Украинанын коргонуусуна жана кайра куруу иштерине 35 миллиард евро (38 млрд доллар) кредит берүүнү жактырды. Карыз Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин Батышта тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен кайтарылмакчы.

Маалыматка караганда, шейшемби күнкү добуш берүүдө депутаттардын 518и сунушту колдоду, 56сы каршы добуш берди, 61и калыс калды.

Кеп буга чейин “Чоң Жети” менен макулдашылган 50 млрд доллар насыя тууралуу жүрүүдө. Быйыл жайында кабыл алынган чечимге ылайык, Киев ал акчанын эсебинен курал-жарак сатып алууну, согуш учурунда талкаланган шаар-кыштактарды кайра курууну каржылай алат. Ошол эле маалда АКШ шаркеттен орусиялык активдердин узак мөөнөткө тоңудурулат деген кепилдик талап кылган. Вашингтон санкцияларды жарым жыл сайын узарткан биримдик андай кыла албай калса, насыяны кайтаруу үзгүлтүккө учурайт деп чочулайт. Бирок активдерди тоңдурууну 3 жылга узартууга Венгрия каршы чыгууда.

“Чоң Жетинин” финансы министрлери 25-октябрда Вашингтондо Эл аралык валта корунун жана Дүйнөлүк банктын жыйындарында жолукканда сөз болгон кредитти бөлүштүрүүнүн чоо-жайын жарыялашат деп күтүлүүдө. Мунаса табылса, Украина жыл этегине чейин анын биринчи бөлүгүн алышы мүмкүн.

Ушул эле күнү сөз болгон 50 млрд долларлык пакеттин алкагында Британия Киевге 2,4 млрд доллар курал-жарак сатып алуу жана чыгарууга бөлөрү белгилүү болду.

Орусия 300 млрд долларга тете активдерин колдонуу мыйзамсыз болорун айтып, өч аларын эскертүүдө.

Кредит берүү чечими орус аскерлери Украинанын чыгышына чабуул коюп, энергосистемасын бутага алып келаткан маалда жактырылды.

Дагы караңыз

Сумыда Орусиянын дрон чабуулунан үч киши каза болду, алардын бири бала"Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө улануудаПрезидент Жапаров Казанда БРИКСтин саммитине катышат