БРИКС+ саммити: Кыргызстан кандай кадам таштайт?

Татарстандын баш калаасы Казанда БРИКС уюмунун саммити, 22-октябрь, 2024-жыл

23-октябрда Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити башталууда. Украинадагы согуш, Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси курчуган абалда Орусиянын аймагында өтүп жаткан саммитте уюм жаңы мүчөлөр менен толукталууда. Бул бирикменин Кыргызстан үчүн мааниси кандай?

Борбор Азиядан Казакстан БРИКСке кирбей турганын айтты, ал эми Кыргызстан келечекте кошулуу ниети бар экенин билдирген. Дүйнөдөгү татаал кырдаалда өтүп жаткан саммит жана бул уюмдун Кыргызстан үчүн мааниси кандай?

Саммитке катышуу үчүн уюмга мүчө-мамлекеттер менен конок өлкөлөрдүн жетекчилери Татарстандын Казан шаарына учуп келишүүдө. Жыйын башталганга бир күн калганда Бразилиянын президенти саламаттыгына байланыштуу жыйынга келбей тургандыгы кабарланды.

БРИКСтин кезектеги саммити Украинадагы согуш күчөп, Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси начарлаган учурга туш келди. Ошондуктан бул саммитке Орусия менен өнөктөш жана мамилесин бузбай, кайсы-бир тармактар боюнча кызыкчылыгы төп келген өлкөлөрдүн лидерлери катышканы жатат. Москва бул уюмду Украинадагы согушту баштаган соң эл аралык чөйрөдө өз позициясын колдогон же колдобосо да санкцияларга кошулбай экономикалык жана саясий диалогду үзбөгөн өлкөлөрдүн бар экенин көрсөткөн аянтча катары колдонууга кызыкдар болууда.

Анын үстүнө бул жолу Түркия, Азербайжан баштаган бир нече мамлекеттердин уюмга кошулары күтүлүүдө.

Дагы караңыз Президент Жапаров Казанда БРИКСтин саммитине катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алгач жолу БРИКСтин саммитине катышары белгилүү болду. Август айында Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты “Азаттыкка” ырастап, бул сапарды расмий Бишкектин уюм менен мамилесин чыңдоого кызыкдарлыгы деп билдирген.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен БРИКС+ саммитине ардактуу конок катары катышуусу Кыргызстандын бул уюмдагы биринчи кадамы катары бааланат жана бул мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө негиз түзөт", - деп жазылган маалыматта.

Июль айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өткөн БРИКС уюмунун парламенттик форумуна катышып келген. Анда спикер уюмга катышуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына толук төп келет деп билдирген.

Эл аралык саясат боюнча эксперт Эдил Осмонбетов БРИКСтин бул саммиттеги башкы күн тартиби Батыш өлкөлөрүнүн активдүү жүргүзүп жаткан геосаясий жана экономикалык саясатына каршы күч-аракетти бириктирүү болуп турганын айтат:

“2022-жылдан баштап геосаясий кырдаал аябай оор, Батыш мамлекеттери менен абдан чоң атаандашуу болуп жатат. Ошондуктан бир жагынан дүйнөлүк аренада БРИКСтин мааниси чоңоюп жатат. Алардын башкы максаты эмнеде? Биринчи күн тартиби Батыш мамлекеттери менен геосаясий атаандашууга өзүнүн каршы турумун түзүү болуп турат. Анан санкциялар болуп атпайбы, Орусиянын максаты санкцияларды басып өтүп, экономикасына чоң таасири тийбешин каалайт. Бул жерде негизги максат – экономикалык жактан жаңы бир уюлду түзүү болуп эсептелет. Бирок, карап көрсөк, алардын да көп көйгөйү бар. Шанхайда БРИКСтин Өнүктүрүү банкы бар. Инвестициялык чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Өнүктүрүү банкына БРИКСтин мүчөлөрү сөзсүз өзүнүн салымы менен каражаттарды салышат. Быйыл ошол өнүктүрүү банкы дагы Батыш мамлекеттеринин Орусияга каршы санкциясына кошулду. Бул дагы, чынын айтканда, мага кызыктуу болду. Бир жагынан, мындай болбошу керек. Өздөрү түзгөн банк Батыш мамлекеттеринин санкциясын колдогону кызык болуп жатат. Экинчиден, БРИКСтин максатында азырынча ири долбоорлор жок”.

Чындыгында эле, уюмдун алдында түзүлгөн Өнүктүрүү банкы 2023-жылы эл аралык санкциядан улам Орусиядагы инвестициялык долбоорлорду колдоосун токтотконун жарыялаган. Банктын баш кеңсеси Шанхайда жайгашып, уставдык капиталы 100 млрд доллар деп эсептелет.

Саммитке 32 мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинен 24 өлкөнүн лидерлери катышары жарыяланууда. Муну менен катар Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш, Шанхай кызматташтык уюмунун Баш катчысы Чжан Мин, уюмдун алдындагы Өнүктүрүү банкынын төрагасы Дилма Руссеф жана КМШ менен ЕАЭБдин өкүлдөрү да конок катары катышат.

БРИКС уюму 2009-жылы расмий түзүлгөн. Ал баштапкы түзүүчүлөрү Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынын баш тамгаларынан улам аталган уюм. Учурда ага Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравиясы, Эфиопия жана Иран мүчө.

Орусиянын маалыматына ылайык, бул ирет бирикмеге 34 мамлекет ар кандай формада кошулууга кызыкдарлыгын билдирип турат.

Алдыда Сирия, Тайланд, Малайзия, Азербайжан жана Түркиянын мүчө болору күтүлүүдө. Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан уюмга кошулбай турганын билдирген.

Саясат талдоочу Эмил Жороев БРИКСтин ичиндеги ири мамлекеттердин өз ара саясий алакалары бир кылка эмес болгондуктан, аларды бирдиктүү бекем позиция бириктирип турат деп айтуу эрте экенин айтат. Мындан улам Кыргызстан дагы ага карай кадам таштоодон мурда терең изилдеп, анан чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейт:

“БРИКС жаңы болгондуктан, көңүлдөр көбүрөөк бурулуп келатат. Бирок ал сыяктуу мүчө-мамлекеттердин уюмдары бир топ. Албетте, БРИКС өзүнчө геосаясий уюл болууга ынтызар болуп турат. Бирок анын ичинде Индия менен Кытайдын, Индия менен Орусиянын, же Бразилия менен Кытайдын, Бразилия менен Орус мамлекетинин - баарынын эле арасында кайсы бир деңгээлде пикир келишпестиктери да бар, эки ача ойлору бар. Индия ошол эле кезде башка да бир топ мамлекеттердин топторуна кошулуп келет. Кытай менен Орус мамлекетинин ортосундагы өзүнчө мамилеси дагы өтө кылдат эсепке байланган, прагматикалык мамиле десек болот. Башкача айтканда, бул бир муштумдай бекем турган жана толук келишилген бир позициясы бар уюм деп айтууга, менимче, эрте. Кыргызстан үчүн болсо, дүйнөнүн эң чоң мамлекеттеринин бир тобу катышып жаткан жерде, бизге жакын болгондуктан, албетте, эгер көп мамлекеттер кошула турган болсо, Кыргызстан деле кошулуп кетиши толук ыктымал. Бирок, менимче, андай чечим кабыл алганга чейин өтө кылдат изилдеп, шашылыш чечим кабыл албай, башка бир топ мамлекеттерге жарышып, алардан мурда кирип кетүүгө ынтызар болбой турганыбыз туурараак болчудай”.

Эл аралык валюта корунун эсеби боюнча, БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн эли дүйнө калкынын 45% жана дүйнөлүк сооданын 25% түзөт. Уюмдун ичинде Кытай 18,5 трлн доллар экономикасы менен лидер болуп саналат. Андан кийин Индия (4,1 трлн доллар), Бразилия (2,2 трлн доллар), Орусия (1,9 трлн доллар) жана Түштүк Африка Республикасы (373 млрд доллар) турат.

Дагы караңыз БРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алды