Суданда атып түшүрүлгөн учак, "Манас" аэропортунун түшүндүрмөсү

Russianplanes.net сайтынан алынган сүрөт.

Кыргызстандын "Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу кишиге берилген мекеменин күбөлүгү (тархетка) боюнча түшүндүрмө берди. Анда Орусиянын жараны Грановго документ Бишкектен Ошко учакты жеткирүү үчүн май айында берилгени айтылат. 

Суданда "адашып" атылган учак

Судандагы кырдаалга көз салган Sudan War Monitor порталынын маалыматына таянсак, 21-октябрда "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" (RSF) жикчилдери Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келаткан Ил-76 жүк ташуучу учакты жаңылыш атып түшүргөн. Анын бортунда орусиялыктар болгону кабарланды. Окуя Судандын Малха аймагында болгону, учак "Ыкчам колдоо күчтөрүнө" (RSF) курал-жарак ташып баратканы тууралуу маалымат тарады.

Mash Телеграм-каналы каза болгондордун бири Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов экенин жазды. Интернетке жарыяланган видеолордо анын аты жазылган күбөлүк "Манас" аэропортуна таандык экенин көрүүгө болот.

"Манас" аэропортунун түшүндүрмөсү

Кыргызстандын “Манас” аэропорту Виктор Гранов Орусиянын жараны экенин, аэропорттун кызматкери эместигин белгиледи. Күбөлүк ага кандай жагдайда берилгенин мындайча түшүндүрдү:

“Суданда кыйраган учакта табылган документ (тархетка) “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго берилген. Орусиянын жараны, учкуч Виктор Гранов 2024-жылы май айында "Манас” эл аралык аэропортунан АН-12 самолетун Ошко жеткирүү үчүн чакырылган. Тархетка бортту жеткирүүгө байланыштуу берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Суданда кыйраган учактын Кыргызстан менен байланышы кандай?

Аэропорттун маалыматы боюнча Гранов убактысы дал келбегендиктен АН-12 учагын Ошко жеткирген эмес. “Манас” мындай документтер бир гана мекеменин өкүлдөрүнө жана алар менен кызматташкан компаниянын өкүлдөрүнө аэропорттун ичинде тосколдуксуз жүрүү үчүн берилерин белгиледи.

Борт номуру EX 76 011 болгон учакка мурда Бириккен Араб Эмирлигинин “Рим стайл” компаниясы ээлик кылып келсе, 2024-жылдан кийин унааны Египеттин New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясы өткөрүп алганын кошумчалады.

Жарандык авиация агенттиги да кеп болуп жаткан учак тууралуу маалымат таратып, ал ушул жылдын башында Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин реестринен чыгарылганын билдирди.

“ИЛ-76ТД учагы EX-76011 каттоо номуру менен 2024-жылы 12-январда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестринен чыгарылып, Судан Республикасында катталган”, - деди мекеменин жетекчисинин орун басары Канат Төлөгөнов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Суданда атып түшүрүлгөн учак боюнча "Манас” эл аралык аэропорту жана Жарандык авиация агенттигинин маалыматын кайталаган билдирүү таратты. Мекеме Сауд Арабиясы менен дипломатиялык каналдар аркылуу байланышып, кыйраган учакта кыргызстандыктардын бар-жогун тактаган. Алдын ала маалыматтар боюнча бортто кыргыз жарандары болгон эмес.

"New Way учакты ижарага алып иштеткен"

russianplanes.net сайтындагы сүрөттөрдөн Суданда кыйраган учакка тартылган Кыргызстандын желегин көрүүгө болот.

Кыргызстандык New Way Cargo компаниясынын өкүлдөрү аны сегиз ай ижарага алып иштеткенин ырасташты.

Компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү азыр ал учакка эч кандай тиешеси жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

“New Way Cargo Airlines - кыргызстандык жүк ташуучу авиакомания. Экинчиден, аталган Ил-76 учагы сегиз ай аралыгында 2023-2024-жылдары Кыргызстанда EX 76 011 каттоо номуру менен иштеген. Биз ал учакты ижара келишими менен иштеткенбиз. 10-январда ээси кайрылып, ижара келишимин токтотуп жатканын айтты”, - деген компания өкүлү учактын ээсинин ысымын тактаган жок.

Компаниянын ошондой эле Виктор Гранов менен байланышы жок экенин айтуу менен чектелди.

Ачык булактарда New Way Cargo компаниясынын кожоюндары катары Кадырова Зууракан Абдыталыповна жана Плавумгал Абдул Рахиман, Хабиб Рахиман аттуу адамдар көрсөтүлгөн. Ишкананын жүк ташуучу беш учагы бар.

ducis.net сайтынан EX 76 011 учагы Бириккен Араб Эмирлиги, Сомали, Сирия, Ливия, Чад, Эфиопия, Кения сыяктуу өлкөлөргө катталганын көрүүгө болот.

Transport Incorporation жөнүндө эмне белгилүү?

Жогоруда аты аталган Airline Transport Incorporation FZC компаниясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Би-Би-Синин орус кызматы Sudan War Monitor порталына таянып, аталган ишкана Бириккен Араб Эмирлигинде катталганын жазды.

Кыргызстандык tazabek.kg сайты 2018-жылы Монополияга каршы агенттик Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын өлкөдөгү филиалына айып салганын жазган.

Ачык булактарда Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын филиалы Ош шаарында катталган. Анын жетекчиси катары Мамакеев Кубанычбек Кубатбекович жазылган. Филиал 2011-жылдан бери иштейт.

Былтыр жазында Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" деп аталган оппозициялык куралдуу топтун ортосунда кагылышуу башталган.

Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү түрткү болгон. Судандын батышындагы Дарфурда зомбулук күчөгөн.

Улуттар Уюму 49 миллион калктын жарымынан көбү гуманитардык жардамга муктаж экенин былтыр жыл этегинде билдирген.