Жарандык авиация агенттиги учуулар жакын арада жанданат деп ишендирүүдө. Арадан он күн өткөнүнө карабай, жагдай тууралуу жүргүнчүлөргө расмий түшүндүрмө берилген жок. Бул көрүнүш ички авитармактагы монополия көйгөйүн көтөрдү.
Күтүүсүздөн токтогон каттамдар
Баткендин тургуну Назгүл Мергенова 1-июлдан бери Бишкекке уча албай убара. Аба каттамы эмнеге токтоп калганын билбейт.
"Билет сатылбай жатат. Жайкы саратанда такси менен борбор калаага баруу өтө кыйын. Июлдун башынан бери каттам жок. Качан ачылары белгисиз. Ош аркылуу учкула деп жатышат. Ошко чейин машинада барып, андан ары учуу биздин шартка туура келбейт", - деди ал.
Назгүл сыяктуу учак күтүп жаткандар Баткенде, Жалал-Абадда жана Раззаковдо ондоп саналат. Бул шаарларга каттамды күн ара Tez Jet авиакомпаниясы бир учак менен аткарат. Бирок ал 1-июлда күтүүсүздөн учпай калды. Мурда сатып алынган билеттердин акчалары ээлерине кайтарылып жатканын айрым жүргүнчүлөр билдиришкен.
Колунда билети бар бир канча адам каттам жокко чыгарылганы жөнүндө маалыматты авиакомпаниянын сайтынан көргөнүн социалдык тармактарга жазышкан. Бирок жүргүнчүлөргө жекече маалымдалган эмес.
Мюнхенде жашап, иштеген 40 жаштагы Атабек аттуу кыргызстандык жаран да "Азаттыкка" кайрылып, 7-июлга Бишкектен Жалал-Абадга билет алганын, бирок үч күн калганда каттам жокко чыгарылганын билгенин айтты.
"Каттам жокко чыгарылганы тууралуу маалыматты Tez Jet компаниясынын сайтынан окудум. Бирок себеби жазылбаптыр. Адатта электрондук дарегиңе же телефон номуруңа SMS билдирүү келиши керек. Бирок андай болгон жок. Төрт күндөн соң эсебиме билеттин акчасын кайрып беришти",- деген Атабек айла жоктон Бишкектен Ошко билет алып, андан ары Жалал-Абадга кеткенин белгиледи.
Учак да жок, түшүндүрмө да жок
"Манас" эл аралык аэропортунун жадыбалынан Жалал-Абад, Баткен, Раззаковго каттамдар алып салынган. Аба майдандын сурап-билүү кызматы мунун чоо-жайын Tez Jet авиакомпаниясынан гана сураш керектигин билдирди.
Аталган компаниянын сайтындагы телефон номурларга чалып, жооп ала албадык. Сайтында жана социалдык желедеги баракчаларында компания элди эң мыкты деңгээлде тейлей турганы жөнүндө жарнамалык билдирүүлөр турат. "Азаттык" бул компаниянын өкүлдөрүнө комментарий үчүн микрофон берүүгө даяр.
Жарандык авиация агенттиги да кырдаал тууралуу расмий маалымат тараткан эмес. 10-июлда агенттикке кайрылганыбызда, өзүн Айнура Молдалиева деп тааныштырган адис мындай комментарий берди:
"Жалал-Абадда, Баткенде, жана Раззаковдо ээропорттордун учуу-конуу тилкелери кыска болгондуктан, бир гана RJ-85 (АвроЖет 85) учагы учат. Башка чоң учактарга алмаштыруу мүмкүн эмес. Tez Jet компаниясынын учагы бузулуп калгандыктан, каттамдар токтотулган. Тетиктерди чет элден алып келгенге убакыт керек. Эми алып келишиптир, ушул аптада оңдолуп, кийинки жумадан каттамдар жанданышы мүмкүн", - деди ал.
Бирок учактын кайсыл жери эмне себептен бузулганы тууралуу маалымат жок. Бул абал жаралганга чейин, 13-июнда “Манастан” Жалал-Абадга багыт алган учак дарегине жетпей, кайра Бишкекке келген. 1-июлда Раззаковго жөнөгөн учак жарым жолдон борбор калаага кайтып конгон.
Ошол эле учурда компаниянын Бишкек-Ош каттамдары жадыбал боюнча аткарылууда. Бул багытты чоңураак учак тейлейт.
Tez Jet монополистпи?
Tez Jet - Кыргызстандын аймактарына эл ташыган дээрлик жалгыз компания. Аны ички каттамдардагы монополист катары сыпаттаган талкуулар буга чейин көтөрүлүп келген.
Авиация тармагындагы эксперт Таалайбек Окенов компания учагы бузулганы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбай жатышынын жүйөсү бар деп эсептейт:
"Анткени, ал жеке компания. Учагы бузулганы тууралуу элге кабарлоо менен коммерциялык жактан өздөрүнө зыян кылып, антиреклама болуп калат. Компания кырдаал тууралуу Жарандык авиация агенттигине кабарлайт. Агенттик элге маалымат бергени менимче туура болот. Жүргүнчүлөргө мамилени ушул орган жөнгө салышы керек. Аймактарга каттамдарды негизинен бир эле Tez Jet тейлеп жатат, монополисттик көрүнүш бар экенин да четке кага албайбыз. Атаандаш компания жок. Себеби, андайда билет баалары арзандап, чыгымды актабай калат. Ошончүн аймактарга учууга башка компаниялар кызыкдар эмес. Албетте, бул көрүнүш туура эмес, бирок азырынча чечими жок".
Tez Jet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. 2023-жылы жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарган.
Компаниянын McDonnell Douglas-83, АвроЖет–85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Аларды баары 1996-97-жылдары жасалган. Айрым маалыматтарга караганда, учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон келе элек. Авиапорталдар ал жакта учак "сактоодо" экенин жазышкан.
Компания 2023-жылдын октябрында АККА Группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектей турганы кабарланган. Ага чейин кыргызстандык Алик Аскаров башкарган. Tez Jet - кыргыз футбол курама кондасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт.
Кыргызстандагы учактар
Кыргызстанда каттоодон өткөн жеке компаниялардан Avia Traffic менен Aero Nomad Ошко жана Орусияга учат. Tez Jet ички каттамдарды аткарса, Sky Fru Орусияга жана Оштон Ысык-Көлгө учат. Сентябрдан Asman деп аталган жаңы авиакомпания ишке түшөрү күтүлүүдө. Аймактарга билеттин баасы 4000 сомдун тегерегинде.
Жарандык авиация агенттигинин расмий эсебине ылайык, Кыргызстанда 52 учак бар. Анын 20сы жүргүнчүлөргө, 29у жүк ташууга ыңгайлашкан. Калганы атайын борттор. Ошондой эле 25 тик учак каттоого алынган.
Жүргүнчү тейлеген учактардын дээрлик баары 1991-1998-жылдары жасалган. Эреже боюнча өндүрүштөн чыкканына 25 жылдан ашкан учак каттамдан алынышы керек.
Кыргызстандын 167 беренеден турган Аба кодексинде эл аралык нормаларга ылайык бардык эрежелер жазылган. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жыл сайын 3 миллиондой адам ары-бери учат.
Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.
Мүчүлүштүктөргө карабай, жүргүнчүлөр арасында кыргыз авиация тармагында электрондук тейлөө, эл аралык учууларды көбөйтүү аракети жана аэропортторду оңдоп-түзөөдөгү кадамдар жакшы көрсөткүч катары бааланат. Бирок учуулар өз убагында аткарылбай, кечиккени тууралуу социалдык тармактарда байма-бай нааразылыктар айтылат.