"Дубайдагы Казакстан": Аткаминерлердин байлыгы текшерилеби?

Dubai Marina. 2024 жыл.

Коррупцияны ашкерелеген уюмдун колуна тийген маалымат базасына ылайык, 2020-2022-жылдар аралыгында 1500дөн ашык казак жараны Дубайда жүз миллиондогон долларлык кыймылсыз мүлккө ээ болгон. "Азаттыктын" казак кызматы алардын 100дөн ашыгы мурдагы аткаминерлердин жакындары экенин иликтеп чыкты.

Эгер "тууган-уруктары Дубайда кыймылсыз мүлккө ээлик кылган мурдагы жана азыркы казак аткаминерлеринин баарын чогултсаңыз, анда эң таасирдүү ысымдардан турган жаңы өкмөт түзө аласыз" десек аша чапкандык болбойт.

Бирок алардын канчасы өз мекенинде бул мүлкүн декларациялашкан? Мынча мүлктү кайсы акчага сатып алышкан?

Дал ушул эки суроону "Азаттыктын" казак редакциясы жубайлары, балдары жана бир туугандары Дубайда мүлккө ээлик кылганы документтерде көрсөтүлгөн белгилүү адамдарга узатып жатты. Ал үчүн журналисттер баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан C4ADS изилдөө борбору 2020-жылдан бери топтогон маалымат базасына таянышты.

Кабарчылар байланышканда айрымдар "Дубай" деген сөздөн кийин эле дароо телефонду коюп салып жатышты.

Башка учурларда кайсы бир аткаминерлер мамлекеттик кызматка чейинки ишмердигин же жубайларынын бизнесин мисал келтирип, байлыгын бышыктаганга аракет кылган.

Чындыгында бай казакстандыктардын Дубайдан мүлк сатып алышынын себеби көп жана мыйзам чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээ болууга тыюу салбайт.

Dubai Marinaнын көрүнүшү. 2024 жыл.

Казакстан Дүйнөлүк адилеттүүлүк долбоорунун (World Justice Project) жылдык "Укук үстөмдүгү" индексинде Бириккен Араб Эмираттарынан артта же 28-орунда турат. Андыктан Казакстандагы кайсы бир таанымал адам үчүн Астанага салыштырмалуу Перс булуңунун боюндагы Palm Jumeirah комплексиндеги бир батир коопсузураак инвестиция катары каралышы мүмкүн. Анын үстүнө кышында дүйнөдөгү экинчи эң суук шаар аталган Астанага караганда Дубайда аба ырайы кыйла жагымдуу болот эмеспи.

Бирок C4ADS уюмунун маалымат базасы 1550 казак жараны жалпы баасы жүз миллиондогон долларды чапчыган 2700дөн ашык кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын эске алганда Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) мыйзамсыз табылган каражаттарды аныктагысы келген казак расмийлери үчүн негизги багыт болушу керек эле.

Кандай болгон күндө да, бул тууралуу толук маалымат ала алам деп күтпөңүз. Казак өкмөтүнүн бул багыттагы иштерине кызыккан журналисттер дайыма "маалымат жашыруун" деген гана жоопту алышат.

2022-жыл бурулуш учур болгонбу?

Узак жылдар бою Казакстандын бийлиги каражаттын чет өлкөгө чыгарылып кетишин айыптап, булагы күмөндүү байлыгын мекенине кайтарууну каалагандарга мунапыс жарыялап, бул сунушка көңүл бурбагандарды жазалоону убада кылып келди.

Бул өнөктүктүн башатында экс-президент Нурсултан Назарбаев өзү турду. Бирок анын бул темадагы насааттары бет тырмоочулук катары кабыл алынган. Анткени Казакстанда чет өлкөдөгү мүлкү Назарбаевдерден ашкан башка үй-бүлө деле жок эле.

Бирок 2022-жылдын январындагы кандуу калабада 230дан ашуун кишинин өмүрү кыйылып, экс-президент коомдук-cаясий айдыңдан четтетилгенден соң Назарбаевдин мураскери Касым-Жомарт Токаев капиталдын сыртка чыгарылып кетишине каршы күрөшүн андан ары улантты.

Коомчулуктун орчундуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу тууралуу талабына туш болгон Токаевдин өкмөтү өлкө ичиндеги жана сыртындагы мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү кайтарууну көздөгөн эки комиссия түзгөн.

2023-жылы чет өлкөдөгү каражаттарды кайтарып келүүнү максат кылган мыйзам күчүнө кирген.

БАЭнин C4ADS уюму "салыктан качуунун глобалдык көрүнүшү" деп сыпаттаган маселедеги ролу жана бул өлкөнүн каржылык сырды сактоо милдеттенмесинен улам жаралган акчаны адалдоо көйгөйү көп түшүндүрмөнү деле талап кылынбайт.

Бирок бул өлкөдөгү аткаминерлер да кошумча текшерүүлөргө туш боло баштады. Буга FATF (Кылмыштуу жол менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөш чараларын иштеп чыгуу тобу) өкмөттөр аралык уюмунун Дубайды 2022-жылы арам акчаны адалдоого каршы чаралары начар юрисдикциялардын тизмесине киргизгени себеп болду.

Буга жооп катары БАЭ кыймылсыз мүлк сатып алуу жараянын катаалдаштыруу боюнча кадамдарды жарыялап, ал эми февралда FATF "олуттуу прогресс" болгонун таанып, чектөөлөрдү жеңилдетүүнү убада кылган.

"Азаттыктын" казак кызматынын алты бөлүмдөн турган "Дубайдагы Казакстан" деп аталган журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөндөй, БАЭнин бул шаарындагы ондогон кыймылсыз мүлк Казакстандын 100дөн ашуун мурдагы аткаминерлеринин жубайларына жана жакындарына таандык.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматы боюнча, мамлекеттик кызматта иштеген 40 адам өздөрүнө же жубайларына катталган БАЭдагы кыймылсыз мүлкүн (60 объект) 2021-жылы башталган декларациялоонун биринчи этабында ачыкка чыгарышкан. "Дубайдагы Казакстан" иликтөөсүндө аты аталган мурдагы аткаминерлердин айрымдары ал кезде кызматта турган.

Ал эми январдан тарта мүлктү декларациялоонун акыркы этабы ишке киргизилет. Ал Казакстандагы бардык жарандарды мүлкүн декларациялоого милдеттендирет.

Ошентсе да карапайым казакстандыктар дале кайсы белгилүү адамдын кандай мүлкү бар экенин көрсөткөн декларациялар менен тааныша алышпайт.

"Азаттыктын" казак редакциясы сыяктуу Казакстандагы көз карандысыз Vlast.kz интернет басылмасы да C4ADS уюмунун маалымат базасы менен иштеген.

Vlast.kz сайтынын негиздөөчүсү Вячеслав Абрамов "Азаттыкка" курган маегинде кайсы бир адамдын Дубайда, Казакстанда же Нью-Йоркто кыймылсыз мүлк сатып алганга акчасы жеткенине эмес, аны жашырууга аракет кылганына көңүлүн бурууда.

"Бир гана көйгөй – алардын бардыгы муну жаап-жашырууга аракет кылганда жаралат", - деди ал.

"Анткени [маалыматтарды карап] биз [журналисттер] эч кандай мааниси жок ондогон, жүздөгөн ысымдарды көрөбүз. Алар айдоочулар, коопсуздук кызматкерлери же төмөнкү кызматтагы адамдар болгондуктан биз алардын тек-жайын аныктай албашыбыз толук мүмкүн. Анткени [жогорку кызматтагылар] мүлктү өз атына каттагысы келбейт".

Элитанын элитасы

Былтыр президент Токаев кол койгон, чет өлкөгө чыгарылып кеткен активдерди кайтарууну көздөгөн мыйзам 100 миллион доллар же андан ашык байлыгы бар адамдарга гана багытталган. Андан азыраак мүлкү бар жарандардын иши катардагы башка мыйзамдар менен текшерилет.

Бирок Казакстан өңдүү мунайга бай өлкө үчүн деле 100 миллион доллар кыйла чоң акча.

Көптөгөн маалымат каражаттарынын иликтөөлөрүнө караганда, байлыгы 100 миллион доллардан ашкан үй-бүлөлөрдүн бири - Назарбаевдин үй-бүлөсү. Анын жакындарына жана бейрасмий аялына таандык бир нече кыймылсыз мүлк C4ADS уюму "Азаттык" радиосунун казак кызматына жана башка медиа каражаттарына берген маалымат базасында утур-утур кездешет.

Казак өкмөтү мурдагы президенттик үй-бүлөгө чет жактагы мүлкүнө байланыштуу анчейин талап кое албай жатканын талдоочулар жана көз карандысыз маалымат каражаттары белгилеп келишет.

Астана Назарбаевдин үч кызына тиешелүү чет элдик мүлк иликтенип жатканын айтпаса да, анын агасынын уулу Кайрат Сатыбалдынын байлыгы тууралуу кеңири сөз кылат.

2022-жылы күзүндө Сатыбалды мамлекеттик компаниялардан акча уурдаганы үчүн алты жылга кесилген. Бул мурдагы мамлекет башчынын кандуу Январь окуяларынан кийин жазага тартылган биринчи жана жалгыз тууганы болуп калды.

Ага карабастан ишкер, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы генерал-майору Кайрат Сатыбалды быйыл сентябрда абактан бошотулуп, учурда шарттуу жазасын өтөп жатат.

Кайрат Сатыбалдинин үй-бүлөсү SHAMS 4 комплексинде 7 батирге ээ.

Анын мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна соңку эки жыл ичинде мамлекетке 1,5 миллиард доллардан ашык акча жана мүлк кайтарып бергени негиз болгон.

Бирок казак өкмөтү Сатыбалдыдан кайтарып алган мүлктүн тизмесине Dubai Marina районунун жанындагы SHAMS-4 турак жай комплексиндеги баасы 4 миллион доллардан ашкан, кеминде жети батири кирген эмес.

2022-жылга карата бул мүлк катталган фамилиялардын арасында Саида Канатбек кызы, Асел Бактияр кызы, Сатыбалдынын апасы Светлана Назарбаева, ошондой эле Кайрат кызы жана Кайратулы (Кайрат уулу) сыяктуу бир нече кишинин аты аталган.

Казак басылмалары Канатбек кызы менен Бактияр кызын Сатыбалдынын бейрасмий аялдары деп сыпатташкан.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары SHAMS-4 комплексиндеги эки батирдин эшигин каккылап көргөн. Бирок эч ким жооп берген эмес.

Август айында казак бийлиги 40 миллион долларга бааланган "БАЭдеги эки вилланы" мамлекетке өткөрүп алуунун акыркы баскычында турушканын билдирген.

"Азаттыктын" казак кызматы C4ADS уюмунун документтеринен бул виллаларды таба алган жок. Ал эми SHAMS-4 комплексиндеги батирлер казак өкмөтүнүн бир дагы расмий билдирүүсүндө айтылган эмес.

Жубайлар жана алардын бизнеси

Иликтөөдө аты аталгандардын көбү - айлык акысы аз, карьерасынын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн саясатчылардын жубайлары.

Бул алардын чет өлкөдөгү мүлкү мыйзамсыз кирешеге сатып алынган дегенди билдирбесе да, бул үй-бүлөлөр мындай кымбат кыймылсыз мүлктү кайсы акчага, кантип сатып алышканы күмөндүү суроолорду жаратат.

Парламенттин мурдагы спикери, мурдагы аппарат жетекчиси жана мурдагы губернатор Нурлан Нигматуллин отуз жылдык саясий карьерасында бир нече жыл гана жеке сектордо иштеген.

Казакстандын парламентинин мурдагы жана азыркы депутаттары. Коллаж

Анын акыркы кызматы 2022-жылы же Назарбаевдин башкы өнөктөштөрүн саясий аренадан тазалоого алып келген башаламандыктан бир нече жума өткөндөн кийин аяктаган. Андан бери Нигматуллин өзүнүн мүлкү тууралуу декларацияны тапшырып үлгүрүшү мүмкүн.

Бирок бул декларациялар жашыруун болгондуктан, C4ADS уюмунун маалымат базасында көрсөтүлгөн, ал жана жубайы Венера Баймурзаева экөө чогуу ээлик кылган 50 мүлктүн кайсынысы декларацияланганы белгисиз.

"Азаттыктын" казак кызматы Баймурзаева менен байланышканы менен ал жооп берүүдөн баш тартты.

Казакстанда Баймурзаеванын аты бир катар компаниялар тууралуу макалаларда кездешет. Алардын эң ирисикыймылсыз мүлк менен алектенет.

Акыркы ирет 2020-жылы Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин Актөбө облусу боюнча департаментин жетектеген Мирлан Мухамбетовдун жубайы Елизавета Ермуханованын окуясы да буга окшош.

Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин Актөбө облустук башкармалыгын мурунку жетекчиси Мирлан Мухамбетов.

Маалыматка ылайык, Ермуханова - Дубайдагы Safer Tower 2 турак жай комплексинде жалпы баасы 1 миллион долларга жетип-жетпеген беш батирдин кожойкеси.

Казакстанда Ермуханова кыймылсыз мүлк куруу жана ижарага берүү менен байланышкан бизнеске ээлик кылат.

Ермуханованын күйөөсү мамлекеттик кызматтагы 30 жылга жакын эмгек жолун бажы инспекторлуктан баштаган.

Мухамбетовдун бир тууганы Архимед Мухамбетов Актөбө жана Костанай облустарынын губернатору болуп турганда "Архимед 30%" деген лакап атка конгон.

Анын чоң үлүш талап кыларын ишарат кылган бул ат бир нече басылманын макалаларында кездешет.

2022-жылы октябрь айында журналист андан лакап аты тууралуу сураганда, Мухамбетов бул жөнүндө кабары жок экенин айткан.

Мухамбетовдор "Азаттыктын" комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

2001-2010-жылдары Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген Максут Нуриманов Dubai Marina яхта клубунун жанынан 750 миң долларга бааланган батир сатып алганын жубайынын ишкердигине байланыштырат.

"Ал аны биздин өлкөдө паракорлор төлөбөгөн салыктардын баарын төлөп, таза иштеп тапкан акчасына сатып алган", - деди Нуриманов "Азаттыкка" берген маегинде.

Казакстандын УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Максут Нуриманов. Коллаж

Казакстанда анын жубайы Жибек Нуриманованын атына Aspan Line аттуу туристтик компания катталган. Анын акыркы жылдарда салык декларациясынын жоктугу компаниянын активдүү эмес экенин көрсөтүп турат.

Аскер кызматкери Нуриманов "Азаттыкка" жубайы учурда катуу ооруп жатканын айтып, мүлктү сатып алууга жумшалган каражаттардын мыйзамдуулугун тастыктаган документтери бар экенин жазып, кат жолдогон.

Нуриманов документтердин көчүрмөсүн тиркеген эмес, мүлктүн качан сатып алынганын да көрсөткөн жок.

Казакстандыктардын Дубайдагы мүлкүн көрсөткөн C4ADS уюмунун маалымат базасы тууралуу журналисттердин суроосуна ушул айдын башында башкы прокурордун орун басары Галымжан Койгелдиев жооп берди. Ал казак бийлиги БАЭдеги кызматташтары менен иш алып барып атканын, бирок жыйынтык "кээде бир нече жылдарга созулушу мүмкүн" экенин эскертти.

"Мен бир нерсени айтып коёюн, өлкөдөн чыгып кеткендер миллиондогон акчаларын жашырууга аракет кылып жатышат. Алар дайыма издөөдө болот", - деди 2-октябрда Койгелдиев. Ал чет өлкөдө мыйзамсыз мүлкү бар деп шектелген адамдардын тизмеси менен таанышуу мүмкүнчүлүгү "чектелгенин" кошумчалады.

Крис Риклтондун макаласы "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Манас Кайыртайулынын иликтөөсүнүн негизинде жазылды