Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Казакстан Kaspi санкция талаптарын бузбай иштеп жатканын билдирди


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Kaspi.kz жетекчилери Вячеслав Ким жана Михаил Ломтадзе менен. 2024-жылдын январь айы.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Kaspi.kz жетекчилери Вячеслав Ким жана Михаил Ломтадзе менен. 2024-жылдын январь айы.

Казакстан бийлиги өлкөнүн экинчи ири кредитору катары белгилүү Kaspi.kz компаниясынын ишмердүүлүгүн сындаган эл аралык баяндама жарыялангандан кийин аны актаган билдирүү таратты.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги 23-сентябрда Kaspi банкын “өлкөдөгү системалуу түрдө маанилүү жана туруктуу өнүгүп келе жаткан, туруктуу өсүштү жана жогорку деңгээлдеги ачык-айкындуулукту көрсөткөн банктардын бири” деп атады. Ошону менен катар АКШнын, Евробиримдиктин жана башка чет өлкөлөрдүн Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына байланыштуу жарыялаган санкциялык режимин аталган банк толук аткарып жатканын белгиледи.

Kaspi.kz 19-сентябрдагы билдирүүсүндө өзү тууралуу баяндаманы "адаштыруучу" жана "так эмес" деп атаган.

Ошол күнү Culper Research аналитикалык компаниясы экинчи даражадагы ыктымал санкциялардын айынан Kaspi.kz көйгөйгө дуушар болушу ыктымалдыгы жөнүндө баяндама жасаган. Ошондон кийин Nasdaq биржасынын листингинде катталган Kaspi.kz компаниясынын акцияларынын наркы 20 пайызга жакыны төмөндөп кеткени кабарланган.

Баяндама компаниянын санкция алдында турган Орусия менен байланышы жоктугу тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн жаратып, анын мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин 2022-жылы ири уурулук тууралуу айып боюнча соттолгон тууганы Кайрат Сатыбалды менен алака-катышы боюнча кооптонууну пайда кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG