Молдова: Бюллетендер дээрлик жүз пайыз эсептелип бүттү

Майя Санду.

Молдовада жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун соңку баштапкы жыйынтыгына ылайык, азыркы президент Майя Санду жана евроинтеграция демилгеси алдыда келе жатат.

Борбордук шайлоо мекемесинин маалыматына караганда, бюллетендердин 99,41% иштелип чыккандан кийин Сандуга добуштардын 42,31%, ал эми аны менен экинчи турда ат салыша турган Александр Стояноглого 26,07% тийди.

Президенттик шайлоо менен катар молдовалыктар өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдумда добуш беришти. БШКнын бюллетендердин 99,50% иштелип чыккандан кийинки санагына ылайык, шайлоочулардын 50,42% “Ооба”, 49,58% “Жок” деп жооп берди.

Бул жолку добуш берүү өнөктүгүнө жалпы шайлоочулардын 51,68% катышты.

Майя Санду жекшемби күнкү шайлоодо бул өлкөдө “демократиялык процесстерге доо кетирүүгө”, жүз миңдеген добушту сатып алууга аракет кылган “криминалдык топтордун” “болуп көрбөгөндөй” чабуулуна кабылганын билдирди.

21-октябрдагы билдирүүсүндө ал "Молдова бүгүн жана акыркы айларда эркиндигине жана демократиясына болуп көрбөгөндөй чабуулга туш болду. Чет элдик күчтөр менен иштеген кылмыштуу топтор өлкөбүздү белгисиздик жана туруксуздук тузагында кармап туруу үчүн он миллиондогон евро менен, жалган сөз жана үгүт менен өлкөбүзгө чабуул коюшту", - деген Санду кылмыштуу топтор 300 миңдей добушту сатып алууга аракет кылгандыгынын “айкын далилдери” бар экенин кошумчалады.

Орусия Румыния менен Украинанын ортосунда жайгашкан, калкы 2,5 миллион адамды түзгөн бул өлкөгө таасирин күчөтүү аракетин үзбөй келет. Молдованын курамындагы Приднестровье жикчил аймагында Советтер Союзунан калган эрежеге ылайык анын бир миңге чукул аскери бар. Молдова бийлиги Орусия шайлоо өнөктүгүнө аралашып, жалган маалымат таратып жатат деген кооптонуусун бир нече жолу билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Бозгундагы диниятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Гүлен дүйнө салды "Тогуз ай машинеде жашадым". Литвадагы борбор азиялык фура айдоочулардын түйшүгү Акыйкатчы Москвада мигранттардын укугу бузулуп жатканын айтты БРИКС саммити: Орусияда он чакты активист эскертүү алды