Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Акыйкатчы Москвада мигранттардын укугу бузулуп жатканын айтты


Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турганын белгиледи. Бул тууралуу ал Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында айтканын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Жаманбаева Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырып, комиссиянын кароосуна киргизген.

“Бүгүнкү күндө мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Ушундан улам КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду”, - деген Жаманбаева.

Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы тууралуу документтер андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгиледи.

Иш-чарага Армения, Бахрейн, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын Акыйкатчы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Түркия, Венесуэла жана башка мамлекеттердин адам укуктары боюнча өкүлдөрү байкоочу катары барды.

Ошондой эле Жаманбаева Москвада акыйкатчылардын Евразиялык альянсынын жыйынына катышып, илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөдү. Конференцияга 59 мамлекеттин акыйкатчылары, окумуштуулар жана эксперттер келишкен.

Жыйындын алкагында Жамиля Жаманбаева Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова менен жолугушуп, Кыргызстандын жарандарынын Орусияда, орусиялыктардын Кыргызстандагы укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүүнү макулдашканы кабарланды.

Москвага сапары алкагында акыйкатчы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барып, элчи Кубанычбек Бөкөнтаев менен эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытында биргелешип иштөөнү талкуулады. Мигранттардын укуктарын коргоо Акыйкатчы институтунун көңүл борборунда экени айтылды.

Бул сапар мигранттарга карата Москванын мыйзамдары катаалдашып, эреже-талаптар күчөгөн маалга туш келди.

Өткөн аптада Ош шаарынан Москвага учуп барган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн 40ка чукулу Орусияга кире албай, бир нече сааттап кармалганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG