"Ишиңизди калыс чагылдырганбыз". "Клооптун" негиздөөчүсү президентке кайрылды

Ринат Тухватшин.

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин президент Садыр Жапаровго кайрылып, басылманын жабылышы жөнүндөгү пикирине жооп кайтарды. Ал “Клооп” медиасы Жапаровду оппозицияда жүргөн учурундагы ишмердигин чагылдырып келгенин эске салып, эми соттун негизсиз чечими менен жабылганын билдирди.

“Кайрадан куугунтукка кабылсаңыз, аны да калыс чагылдырабыз”

Президент Садыр Жапаровго жолдонгон кайрылуу “Эгер сиз кайрадан куугунтукка кабылсаңыз, аны да калыс чагылдырабыз” деген темада медианын Ютуб баракчасында 17-октябрда жарыяланды.

“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Жапаровдун “Кабар” маалымат агенттигине курган маегиндеги “басылманын иликтөөлөрү бир жактуу, кимдир бирөөнү каралоо” деген айыптоосуна жооп берди. Ал “Клооп” OCCRP жана “Азаттык” менен бирге азыр камакта отурган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жөнүндө иликтөөлөрдү жасаганын, бир топ эл аралык сыйлыктарга татыганын белгиледи.

Тухватшин “Клооп” журналистиканын стандарттарын карманарын, президент айткан айыптарга далилдүү мисал жок экенин билдирди. Ошондой эле "Клооп Медиа" фондун жоюу чечимин чыгарган сот жараяндарына кенен токтолду. Анда прокурорлордун “Клооптун” материалдары жарандарга психологиялык зыян келтирип, Баткен аймагынан миграциянын өсүшүнө алып келүүдө” деген абсурддук айыптоо коюлганын айтты.

Ринат Тухватшин президент Садыр Жапаровдун оппозицияда жүргөндөгү ишмердигин, камакка алынгандан кийинки окуяларды чагылдырганын эске салып, ал материалдардын шилтемесин берди.

Ринат Тухватшин.

“Клооп” сиздин ишиңизди объективдүү чагылдырып, көптөр адилетсиз деп эсептеген шартта камакка алынганыңызды баса белгилеген. Биз сиздин үнүңүздү элге жеткирип, бийлик тарапташтарыңызды кантип кармаганын, эжеңизди мекенине экстрадиция кылуу аракетин, атаңыздын тажыясына жибербей коюшканын жазганбыз”, - деди Тухватшин.

"Клооптун" негиздөөчүсү дегеле Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөгөнүн айтып, өзү түптөгөн медиа азыр дагы президенттин ишмердигин калыс чагылдырып жатканын белгилеп, саясий кырдаал өзгөрүп “кайрадан куугунтукка кабылсаңыз, аны дагы калыс чагылдырабыз” деди.

“Тагдырдын тамашасын караңыз: кезинде сиздин үй-бүлөңүз Польшада башкалка издесе, азыр биздин юридикалык тараптардын бири ошол өлкөдө жайгашкан жана ишибиздин коопсуздугун камсыз кылууда. А биздин ишибиздин бир бөлүгү сиздин жетекчилик алдында эркиндиктердин чектелип жатканын чагылдырууда турат”, - деди Тухватшин.

“Жалган маалымат таратуу сөз эркиндиги эмес”

Азырынча “Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин Садыр Жапаровго кайрылуусуна президенттик администрация комментерий бере элек.

3-сентябрда президент Садыр Жапаров “Клооп Медианын” жабылышы боюнча “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул сөз эркиндигине эч кандай таасирин тийгизбей турганын айткан. Жапаров “Клооп” басылмасынын иликтөөлөрүн бир жактуу, каралоо” деп баалаган.

Садыр Жапаров.

“Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат. Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса, ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу - бул сөз эркиндиги эмес. Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында жүргүзгөнү үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын”, - деген болчу Жапаров.

Садыр Жапаров “эки жактуу иликтөөлөрдү жасагандарды колдойбуз” деп кошумчалаган.

Сот чечими, эл аралык коомчулуктун реакциясы

Быйыл 16-июлда Жогорку сот "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. "Клооп” редакциясы чечим “күтүлгөндөй эле болгонун” айтып, "эч нерсеге карабай иштей беребиз" деген.

Дагы караңыз

"Эч нерсеге карабай иштей беребиз". Жогорку сот "Клооп Медианы" жапты

Маданият министрлиги “Фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” орус тилиндеги сайтын 2023-жылы 12-сентябрда жапкан. Ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооптун” сайтынын жабылышына "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган.

2023-жылы 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө доо арыз берген. Көзөмөл орган арызында "уставдын алкагынан сырткары ишмердик жүргүзүп", "эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып" жатканын жүйө кылган.

Медиа талдоочу Жаннат Токтосунова акыркы жылдардагы өлкөдөгү эркин медиалардын абалына токтолду.

“Азыр өкмөттүн позициясы сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтингдерге көңүл бурбоо болуп калды. Ошондуктан мен дайыма айтам, өлкөдөгү демократия жана сөз эркиндиги өзүбүз үчүн гана керек. Эркиндик экономиканын, демократия жакшы жашоонун негизи болот. Жөнөкөй жарандар медианын жабылышы, журналисттердин камалышына кабатыр болгону менен, “мейли эми тартип болуп жатат, курулуш жүрүп, жолдор салынып жатат” деп унчукпайт. Ошондой окуялар менен жабылып кетип жатат. Ал эми чынында сөз эркиндигинин баркы, ар бир адамга таасирин тийгизерин башка өлкөлөрдөгү жагдай жана тарых көрсөтүп турат”, - деди Токтосунова.

Сентябрь айында бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар кыргыз бийлигин "Клооп" басылмасын жоюу боюнча чечимин артка кайтарууга чакырган билдирүү тараткан.

Human Rights Watch (HRW), Amnesty International, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Адам укуктарын коргоочулар уюму, Хельсинкидеги Норвегия комитети, Article 19, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация жана Кыйноолорго каршы эл аралык уюм биргелешкен билдирүүсүндө соттун чечимин сындады.

“"Клооп Медианы" күчтөп жабуу кыргыз коомундагы эң маанилүү үндү гана баспастан, Кыргызстанда жарандык, саясий укуктарды жана жарандардын эркиндигин сыйлоо деңгээли төмөндөп баратканынан кабар берет. Бул аракеттер коомдун маалымат алууга болгон укугун бузуп, өлкөдөгү демократиялык башкаруунун негиздерин дагы начарлатат”, - дейт HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уильямсон.

Сентябрдын соңунда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет” деген болчу. Жапаров бийликтин кемчиликтерин далил менен айтууга чакырып, массалык маалымат каражаттары менен да эриш-аркак иштешкенге даяр экенин айткан.

Азыркы бийликтин демилгелерин колдоп келе жаткан журналист Мирлан Дүйшөнбаев Жогорку соттун "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырганын туура деп эсептей турганын билдирген.

“"Клооптун" ишмердигине байкоо салып келген адамга Жогорку соттун чечими күтүлгөн эле нерсе болду. Билбестик менен эмес, максаттуу түрдө чагым кылган мүнөздөгү материалдарды көп жазышчу. Мамлекеттин Конституциясына каршы келген аракеттери далилденген болсо, анын ишмердигин токтотууга соттун укугу бар. "Клооптун" кызматкерлеринин мындан трагедия кылышынын кереги жок. Бизде сөз эркиндиги бар, "Клоопту" жаап койсо, ошол сыяктуу башка маалымат булагын ачып иш жүргүзө берсе болот. Эгер дагы деле ушундай иштей берсе, кайра эле ушундай чечим чыгышы мүмкүн. Өздөрүнүн иш-аракеттеринен сабак алып, кайталабашы керек. Сөз эркиндиги деп каалаган нерсени жаза берген болбойт”, - деген Дүйшөнбаев.

“Клооп” ишмердигин улантып жатат

“Клооп” басылмасы Кыргызстанда 2008-жылдан бери иштейт. Аталган медиа 2010-жылдагы, 2020-жылдагы саясий окуялардан тартып ири иликтөөлөрдү, аналитикалык макалаларды, экономикалык темалардагы талдоо материалдарын даярдашкан. Адам укугу, үй-бүлөлүк зомбулук, сөз эркиндиги тууралуу темаларга байма-бай кайрылат. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Медиа жаш журналисттерди окутуп, алгачкы тажрыйба алган мектеп катары дагы белгилүү. Коомчулукка маалымат жеткирүүдө дүйнөлүк медианын тренддеринен калбай өнүгүп жаткан заманбап басылма катары таанымал.

Учурда kloop.kg сайты жана анын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары үзгүлтүксүз иштеп, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү кабарларды, иликтөө жана ар кандай материалдарды жарыялап жатат.