Чаткалдагы көчкү: издөө иштери аба ырайынан улам убактылуу токтотулду

Чаткал, Ак-Сай. 18-октябрь, 2024.

Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө эртең, 19-октябрда уланат.

18-октябрдагы издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген. Дагы үч киши дайынсыз болууда.

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак 18-октябрда тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышта экени кабарланды.

13-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жааган. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. (TAb)

Дагы караңыз

"Хезболла" жана Иран Израилге каршы күрөшүн күчөтөрүн билдириштиЕвропадан мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу үчүн тез арада жаңы эреже керектиги айтылдыЧаткал: кар көчкүдө каза болгон үч кишинин сөөгү табылдыАйыл чарба министрлигине атайын техникалар тапшырылды