Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

"Хезболла" жана Иран Израилге каршы күрөшүн күчөтөрүн билдиришти


Яхья Синвар.
Яхья Синвар.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар жок кылынганы жарыялангандан кийин Иран колдогон «Хезболла» жоочулар тобу да, Иран өзү да Израилге каршы күрөшү күчөй турганын билдиришти.

Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн "Хезболланын" 18-октябрдагы билдирүүсүндө ал Израилге каршы согушунда “жаңы жана күчөгөн фазага” өтүп жатканы белгиленди.

АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ал эми Ирандын колдоосунда Синвардын өлүмүнөн кийин кандайдыр бир өзгөрүү болору тууралуу эч нерсе айтылган жок. Бул өлкөнүн Бирикен Улуттар Уюмундагы (БУУ) миссиясы “каршылык көрсөтүү духу күчөйт” деп билдирди.

Израил ХАМАС менен азыркы согушунун тутанышына түрткү болгон бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар Газа секторунда жок кыланганын израилдик армия (ЦАХАЛ) 17-октябрда жарыялаган.

Синвар ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп быйыл 6-августта дайындалган. Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG