Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Айыл чарба министрлигине атайын техникалар тапшырылды


Атайын техникаларды тапшыруу учуру. 18-октябрь, 2024.
Атайын техникаларды тапшыруу учуру. 18-октябрь, 2024.

Бишкекте Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 18-октябрда 112 даана атайын техника тапшырылды.

Анда экскаватор, жүк көтөрүүчү манипулятор, жүктөгүч, бетон аралаштыргыч, бульдозер, грейдер, автобус жана башка техникалар бар.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, техникалар 1 миллиард сомго мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жана алар ар кайсы аймактарга бөлүнүп берилет.

Техникаларды тапшыруу иш-чарасына катышкан президент Садыр Жапаров айыл чарба тармагы өлкө энокомикасы үчүн маанилүү тармак экенин белгиледи.

“Кыргызстандын айыл чарбасы – өлкөбүздүн экономикасына арка-бел болгон артыкчылыктуу тармактардын бири. Ал сапаттуу мол продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы соода-сатыкта атаандашууга, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт”, - деди Жапаров.

Президенттин билдиришинче, Мамлекеттик инвестициялар программасынын, “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлорунун алкагында 2021-жылдан бери айыл чарба техникаларынын лизингине жалпысы 12,4 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка 3 миң 639 айыл чарба техникасы берилген.

Президент Жапаров келерки жылы Суу ресурстары кызматына 400дөн кем эмес атайын техника бериле турганын билдирди.

Былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине да бир катар атайын техникалар тапшырылган.

XS
SM
MD
LG