Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Чаткал: кар көчкүдө каза болгон үч кишинин сөөгү табылды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Чаткалдагы кар көчкүнүн алдында калган дагы эки кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошону менен жалпы үч кишинин сөөгү табылып, дагы үчөөнү издөө иштери уланууда.

Башкы-Терек айылынын башчысы Кубанычбек Орозбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сөөгү табылган эки киши ага-ини болгон.

“Алгач куткаруучулар Кийикбаев Кайырбектин сөөгүн таап, айылга жеткиришкен. Алар көчкү болгон жайга кайра барганча Кийикбаев Канатбектин сөөгүн табышкан. Аны да айылга алып келишип, жерге бергенге даярдык көрүлүп жатат. Алардын көчкүдө аман калган иниси Чынарбек куткаруучулар менен чогуу болуп, кайсы жерде болушканын көрсөтүп жүрөт”, - деди Орозбаев.

18-октябрда Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерин улантууга тик учак тартылган.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышта экени кабарланды.

13-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жааган. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. (TAb)

XS
SM
MD
LG